Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Контрабанда жымсалданып, эми кыргыздын номурларын коё башташат...”

Турат Акимов: “Контрабанда жымсалданып, эми кыргыздын номурларын коё башташат...”

18-май, 22:38
2 513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу үч унаасы кыжырданган эл тарабынан токтотулду. Орган адамдары өздөрү чуркап жүрөт. Контрабанданы токтотсо болобу?

-- Үлкөн-үлкөн акчаларды чоңдор гана айландыра алышат. Токтобой, ортосу он мүнөттөн болуп фуралар агылып жатканы – миллиондогон акчалардын айлануусу. Аларды толук бойдон милиция жолдо коргоп, кайтарып, коштоп, жолун ачып жүргөндөн кийин бул өтө чоң кызмат. Укук коргоочулар далдалчы болуп эл менен кырылышып чуркабайт болчу. Баары доляда отурушат. УКМК, бажыкана, чек ара кызматы, Акүй-Көкүй баары аралашып алган. Элдин кыжыры келип турат. 

Бул күйүүчү майлар бизге бажы төлөмдөрүсүз келчү. А.Атамбаевдин убагында В.Путин менен келишим түзүлгөн. Орустар эми 3-4 айга бажы төлөмдөрүсүз күйүүчү май берүүнү токтотобуз (!) деди. Ошону менен бензин дагы кымбаттап, 80 сомго чыгышы мүмкүн. Бажы төлөмдөрүсүз бензинди сата берип биздин чоңдор чиригенче байыды. 

Амал качып кутулбайт. Мындан ары эми тажиктердин фураларына кыргыздын номурларын коюп алып ташышат. Контрабанда деген аябай жымсалданат. Номурларын кыргыздыкын коюп, “кыргыздын айыл, шаарларына алып бара жатабыз” деп документтерин тууралашат. Бул абалды жеңүү үчүн бир гана каардуу президент керек. Президент киришпесе, Баткендин мафиясы иштей берет. Күндөп-түндөп ташыйт. Эл жол кайтара берип чарчайт...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер