Эльдар Абакиров: “Ишкерлерге колдоо болбосо, кошуналарга көп нерсени уттурабыз”
Мурунку экономика министринин орун басары менен маек.
-- Өзбекстандын президентинин сапары учурунда ишкерлерге байланыштуу да бир топ келишимдер болду. Ал биздин ишкерлерге келечекте оң таасирин тийгизеби? Автоунаа заводу боюнча кандай ойдосуң?
-- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жакшы соода мамиле бар. Көмүр, цемент, картошкага окшогон көп нерселерибизди аларга сатабыз. Алардан дагы өтө көп нерселерди алабыз. Анын ичинде көптөгөн үй тиричилик техникаларын, машинелерди алып жатабыз. Бул жагынан көлөмдөр мындан ары дагы көбөйөт деген ишеничтемин. Анткени эки өлкө тең экономикалык байланыш жагынан өсүп келе жатат. Албетте, кошуна менен эң жакшы мамиледе болушубуз керек. Бирок өндүрүш жагынан, көп жагдайынан алар кыргыздардан озуп кетти. Ошон үчүн биздин ишкерлерге жакшы колдоо болбосо, алар дагы көп жагынан ашып кетиши мүмкүн. Машине завод боюнча айтсам, бул жерде автоунаанын тетиктерин чогултуу гана болот. Ал эми аны Кыргызстандан өндүрө баштасак, ошондо гана элибизге пайдасы тийет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити