Бийликтегилер Мээримге көңүл бурбай коюшканы өкүндүрдү...


(Мээрим Жуманазаровага!)
Сербиядагы дүйнөлүк күрөштө Мээримден үмүтүм чоң эле. Тилекке каршы, жаракат алып калып, максатына жете бербеди. Бул убактылуу сыноо. Кокустук. Майтарылбаш керек. Кудай буюрса, эмки мелдеште алдыга озуп, алтын медаль аларына бөркүмдөй ишенем. Өткөн олимпиада оюндарынан коло байге алганы эсимде. Эми духту бийик көтөрүп, дарыланып, машыгууну улантыш керек. Менин бир өкүнгөнүм, бийликтегилер бу саам Мээримге анча көңүл бурбай койду. Баардык жерде эле орунга ээ болгондор сыйланып, аларды көкөлөтүп жатышат. Ажо баш, Жогорку Кеңештин депутаттары төш болушуп, байге алгандарга акчалай сыйлык беришип, башкаларын унутуп салышты. Мындай туура эмес да. Маанайды көтөрүү үчүн көңүл буруп коюшса не? Терең ишенем, Мээрим Жуманазарова дүйнөнү дагы багындырат, олимпиада чемпиону болот. Жаракат албаса Сербиядан деле ийгиликке жетмек.
Кандай болгон күндө да, Мээрим мага жагат. Бир сөз менен айтканда, сонун, керемет жан! Адамдык бийик сапаты, жылдыздуу жүзү, мекени үчүн күйгөнү – башкаларда кезикпеген сейрек көрүнүш. Ар тарабынан төп келген кыргыздын чыныгы Жаңыл мырзасы! Буюрса, келечекте Кыргызстандын атын далай даңазалап, элибизди ааламга таанытат. Ага аруу тилек айтып, бата берип, көрүнбөгөн колдоочусу катары энергия бергим келет...
Талгат
"Азия Ньюс" гезити











