Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илим менен интеллектуалдын жолугушуусу же Аскар Акаев Казакстанда

Илим менен интеллектуалдын жолугушуусу же Аскар Акаев Казакстанда

26-октябрь, 22:18
586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаев жасалма интеллект доорундагы адамзат өнүгүүсү тууралуу КазНУда лекция окуду.

Кылымдар алмашып, доорлор өзгөргөн сайын илим менен технология адамзаттын тагдыр жолун аныктап келет. Ушундай түйүндүү мезгилде, жасалма интеллекттин дооруна кадам таштаган учурда кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, академик, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаев илим майданына кайра кайрылып, жаңы муун менен өз тажрыйбасын жана илимий көз карашын бөлүшүп жүрөт.

2025-жылдын 16-21-октябры аралыгында Аскар Акаевич Казакстанга Казак улуттук университетинин (КазНУ) чакыруусу менен иш сапарга барып, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Илимдин астанасында өткөн бул сапар эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун, билим менен акыл-эс баалуулугун даңазалоонун символу катары кабыл алынды.

Алгач 16-октябрда Аскар Акаев КазНУнун окумуштуулар кеңешинде сөз сүйлөп, андан соң жаш окумуштуулар, докторанттар жана аспиранттар менен баарлашып, университеттин робототехника, жасалма интеллект жана космостук изилдөөлөр борборлорун кыдырды. Ал эми сапардын негизги окуясы катары Аль-Фараби атындагы КазНУда окулган лидердик лекциясы белгиленди. «Дүйнө үч өзгөчө доордун босогосунда: технологиялык, демографиялык жана эволюциялык. Бул адамзаттын келечегине кандай таасир этет?» деген темадагы лекция залдагы миңдеген угармандардын көңүлүн бурду.

Өз сөзүндө академик Аскар Акаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин санариптик өнүгүү программасын жогору баалап, КазНУнун жасалма интеллект жана санариптик трансформация жаатында лидер болуу потенциалын өзгөчө белгиледи.

«Эгер бул программа ийгиликтүү ишке ашса, Казакстан дүйнөлүк санариптик трансформациянын алдыңкы катарына чыгат. Ал эми КазНУ бул жолдо интеллектуалдык кыймылдын борбору боло алат» деди Акаев.

Анын айтымында, алдыдагы жылдарда адамзат үч сингулярдуулуктан – демографиялык, технологиялык жана эволюциялык өзгөрүүдөн өтөт. Ал эми адам менен жасалма интеллекттин биригүүсү өнүгүүнүн жаңы доорун ачат.

Лекциядан кийин студенттер жана илимий коомчулук ачык диалог форматында суроолорун берип, мазмундуу, философиялык жоопторду алышты.

Аскар Акаевдин бул сапары илим менен акылмандыкты, эл аралык кызматташтык менен руханий биримдикти айкалыштырган маанилүү маданий жана интеллектуалдык окуя болуп калды.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер