Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Африкада адамдарды өлүмгө учураткан белгисиз оору тароодо

Африкада адамдарды өлүмгө учураткан белгисиз оору тароодо

21-ноябрь, 14:16
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Африкада 200дөн ашуун балыкчы Атлантика океанында табышмактуу ооруга чалдыккан. Илдеттен 15 адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Африкада илдеттен жабыркаган адамдар денелери катуу кычышып, эриндери шишип, көздүн кычышкандыгына даттанышкан. Мындан улам Африка өлкөсүнүн бийликтери булганган аймакта балык уулоого убактылуу тыюу салып, ал жердеги суудан анализ жүргүзүүнү чечишкен.

«Көрсөтүлгөн аймактан анча алыс эмес жерде химиялык заводдор бар, ал жактан чыккан зыяндуу заттар суу менен океанга агып кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын ноябрь айынын башында Нигериянын түштүгүндөгү Дельта штатында белгисиз оору кеминде 15 кишинин өмүрүн алып кеткени кабарланат. Каза болгондор 18ден 25 жашка чейинкилер болгону маалымдалган.


“Заман”


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер