Асел Кодуранова, экс-депутат: “Сокени, Жунушалиевди, Опумбаевди сотко чакырабыз, бирок тыянак жок”
Кой-Таш окуясы боюнча сот жумасына бир жолу болуп, илең-салаң, “күн өтсө болду” деген туңгуюк абалында экен. Маектешим соттун чоо-жайына азыноолак токтолду.
-- Асел айым, Кой-Таш окуясы боюнча сот кайсы жагдайга жетти?
-- Эч бир жылыш жок. Спецназ, “Альфа” кызматкерлерин күбө катары чакырышат. Бирде келишет, бирде келишпейт. Жок болуп калган күндөрү жөн эле кетип калабыз. Ал эми келген күндөрү көрсөтмөлөрүндө биз тарапка эч бир дооматтары жок экенин айтышат. Кээ бир көрсөтмө берип аткан кызматкерлер ошол кездеги бийлик жетекчилеринин шалаакылыктарын, кесипкөй эместигин жана жоопкерчиликтерин сезбегендерин айтышып, арасында ошол кездеги президенттен тышкары мурунку ички иштер министри бар экенин баса белгилешүүдө.
-- Эми ошол бийлик бутагынын жогорку тепкичиндегилер суракка келиштиби?
-- Биз тараптагылар “Соке Жээнбековду, Кашкар Жунушалиевди, Орозбек Опумбаевди сотко күбө катары чакыргыла, келишсин. Окуянын баардык чоо-жайын айтып беришсин” деп сотторго кайрылабыз. Андан эч бир тыянак чыккан жок. Менимче, Кой-Таш окуясы боюнча сот дагы да улана берчүдөй, канчага чейин созуларын эч ким билбейт...