Акыркы кабарлар
» Саясат » Дастан Догоев шайлоо жыйынтыгын серверден эле тууралап коёбу?
Дастан Догоев шайлоо жыйынтыгын серверден эле тууралап коёбу?
25-ноябрь, 14:47

Саясый элитанын оозундагы күбүр-шыбыр кеп аягында чын чыкчу эле. Бул саам тар чөйрөдө козуп аткан кепти собол иретинде ортого салалы. Аз күн мурда санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев ресторанда жакындары менен “алагүү” тарта отуруп, шайлоо серверин жасоо боюнча айтып, болбосо камаларын кошумчалап, ыйлаганга чейин бардыбы? Элестүү бекен? Ошондо компьютерден эле баары ойдогудай жымсалданып калбайбы? “Сактыкта кордук жок” дегендей, алдыртан имиш кептерди ачыктап, тийешелүү органдарга суроо иретинде жолдоп атабыз. Мыйзамдуу, таза шайлоо өтүшү үчүн баарыбыз кам көрөлү.
"Азия Ньюс" гезити