Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз-тажик чек ара конфликтисин чечүү ачкычы Йерусалимде

Кыргыз-тажик чек ара конфликтисин чечүү ачкычы Йерусалимде

04-июнь, 20:59
1 612 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Алар аң-сезимдүү болмоюнча эч убакта тополоң кылышпайт, а аң-сезимдүү болуу үчүн тополоң кылуу керек...” 

(Жорж Оруэлл)

Конфликттин жаралышын мен ал пайда болгонго чейин, алдын ала 31-мартта жана 3-апрелде так айткам: “Азия Ньюс” гезити, https://live.kg/vb-kg/100737/ 

https://aryba.kg/sayasat/8861-tazhikstan-menen-askerdik-zhazhal-chygyshy-toluk-yktymal.html 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара конфликтин жана анклав маселесин чечүү жолун израилдик-палестиналык тирешүүнүн призмасы аркылуу талдоого болот. Көптөгөн чек ара согуштары жана окуялары көбүнесе өлкөлөрдүн лидерлеринин жеке мамилелерине байланыштуу жаралат, андан кийин гана ага партиялар менен жарандар тартылат. Эгер ошол мамлекеттердин жетекчилери бул идеологиядан жеке мамилелерин жана амбицияларын алып салбаса, маселе татаал стадияга өтөт. Идеализмди практикалыктан ажыратуу бийликке пайда гана алып келет.

Израиль менен Палестинанын узакка созулган каршылашуусунун биринчи себеби – Теодор Герцль негиздеген улуттук идея. Ал идеологияны жер жүзүндөгү баардык еврейлердин кайтып келиши жана еврей мамлекетин түптөөсү үчүн түзгөн (сионизм). Кийинчерээк Улуу Британия, АКШ, СССР жана башка өлкөлөрдүн жолбашчылары ага кошулушкан. 

Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, анда бир нече кылымдар бою Палестинада Осмон империясы бийлик кылган доордон бери мусулман, христиан жана иудейлер жанаша, ынтымактуу жашашкан. Конфликт империя урагандан кийин башталган. 

Белгилүү болгондой, Израиль өз аймагына 1948-1949-жылдары БУУнун чечиминен кийин ээ болгон. Еврейлер арабдардын беш мууну өмүр кечирген жана ата-бабаларынын мүрзөсү жайгашкан жерине массалык түрдө отурукташа баштаган. 

Экинчи себеп: саясый жана жеке амбицияларынын айынан мамлекет башчылары бир тыянакка келе алышкан эмес. 

Үчүнчү себеп: сионизм пайда болгондон кийин дин жана аймактык бүтүндүк үчүн башка да идеологиялар жаралган. Болбосо, ар бир накыл кептерде “кошунаңды өлтүрбө” деген насаат жатат эмеспи. 

Ушул фактылардан алып караганда, алардын карама-каршылыгы дагы жүз жылдарга, израилдиктердин жана арабдардын нечендеген мууну алмашканга чейин созулушу мүмкүн. А конфликттердин масштабы – бул мамлекеттердин бийлигинен, алардын катаалдыгынан көз каранды. Жакында болуп өткөн катуу кармашуу көп убакыт орун алган тынчтыктын морттугун көрсөттү. 

Балким, Биньямин Нетаньяхуга жана Махмуд Аббаска, ошондой эле тышкы иштер министрлерине саясый ийилчээктик жетишпейт. Аны менен катар лидерлер кандайдыр бир деңгээлде өздөрүн көрсөтүп, өз жарандарына кандай мүнөз күтүүгө үлгү болушкансыйт. Башчылардын каршылашуусу эки элдин душмандашуусуна таасир бергенине бир гана себеп бар, ал – улуттары башка болгондугу. Эгер спортко салыштырсак, бул күйөрмандардын атаандашканына эле окшош. “Барселона” жана “Реалдын” фанаттары бирин-бири жек көрүшүп, желегинин жана формасынын түсү айырмаланып турган башка командаларга күйөрмандык кылганы үчүн эле мушташууга даяр.

Ошондуктан, көп нерсе саясый элитадан, андан кийин гана жарандардан көз каранды. Ал эми айтылып жүргөн “үчүнчү күчтөр” адаттагыдай кырдаалдан гана пайдаланышат, эч убакта биринчи себеп боло алышпайт. 

Курч аппендицит деген илдет бар. Анын этиологиясы жана патогенези – микроорганизмдердин топтолушуна алып келип, былжыр челдин сезгенүүсүн пайда кылат. Бул илдеттин 90 пайыздан ашыгы хирургиялык жол менен алынат. Аймактык дооматтар, чек ара көйгөйлөрү – бул ошол эле аппендицит, алардын 90 пайыздан ашыгын «кесиш керек», антпесе курч фазага айланат.

Кесилип алынган аппендикстин ордуна жаңысын тигүүнүн кереги жок. Еврей эли дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашайт: алардын мамлекети – бүткүл дүйнө. Көп жылдар жашабаган жерге аларды кайтаруу – бул тарыхтан мурда чийилип салынган “аппендикстин ордуна жаңысын тигүү” сыңары эле болуп калды. 

А мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү идеясы еврей улутун башкарууну каалаган пассионарийлерге, Гумилев боюнча өздөрүнүн амбициясын жана комплекстерин канааттандыруу үчүн керек болгон. 

Сионизм глобалдык еврей диаспорасы маанилүү роль ойногон, кийинчерээк башка өлкөлөр кошулган челнок дипломатиясын жаратты. 

Эми эл аралык институттардын жана ортомчу өлкөлөрдүн ролу тууралуу айталы. Эгер алардын аракети мамлекеттин аракети менен дал келбесе, маселени чечүү абдан кыйын. А бул үчүн бирдиктүү иштелип чыккан методология, мындай маселелерди чечүүнүн стандарты керек болот. Галилей качандыр бир дененин салмагы канча болбосун, абада каршылык көрсөтүүсүн жоготсо, жерге тигинен ылдый бирдей тездикте кулай турганын аныктаган. 

Мисалга алсак, микроскопиялык чаң да, танк менен адам да абадагы каршылыгын жоготсо, бирдей тездикте кулайт. Бул формула идеалдуу шартта да жана саясый реалдуулукта да иштейт. Албетте, көптөгөн мамлекеттер дипломатиялык “парашюттарды” колдонушат. Анан алар жеңишке жетишет, бирок убактылуу, бул Израиль менен Палестинанын акыбалында көрүнүп турат. 

Конфликтти жөнгө салуу формуласы: тынчтык = улуттук кызыкчылык – мамлекет башчылары × эл аралык институттар + мамлекет. 

Шарттуу түрдө муну формулага айландырсак болот:

P=(NI-Gov)×(II+St), 

P – Pease, NI – National Interest, Gov – Government, II – International Institutes, St – States. 

Эгер бул компоненттердин бирөөсү эле нөлгө барабар болсоанда жыйынтык да нөл болотЭгер минус болсо, анда согуш, бир гана компоненттердин плюс белгиси гана тынчтыкка жетелейт. 

Тынчтыктын бир топ ийгиликтүү, реализациялоого жакыны 2000-жылы Кэмп-Дэвиддеги сүйлөшүүлөрдө болгон. Анда Билл Клинтондун ортомчулугу менен Израилдин премьери Эхуд Барак менен Палестинанын премьери Ясир Арафат жолугушкан. 

Араб-израилдик согуштун чыгымын эсептөө абдан эле оор, маалыматтар бири-биринен өтө айырмаланат. 

Палестиналык анклавдын маалыматы боюнча, Газа секторуна акыркы жолу алты күн бою Изарилдин аткылоосунан улам келтирилген чыгым 244 миллион долларга жетти. 

Израиль тараптын Газа секторуна ракеталык жана артиллериялык кол салуусу 800 турак жайды толук уратты, дагы 10 миңдейи жарым-жартылай жараксыз абалга кептелди. 

БУУнун 2019-жылдын августундагы конференциясынын катчылыгынын докладына ылайык, 2000-2017-жылдар аралыгында Палестинанын жалпы бюджеттик жана каржылык жоготуулары 19,4 миллиард долларга бааланган. 

Көрүп турганыбыздай, чакан мамлекеттин жоготуусу чоң, ал анткени ар бир согуш аракеттеринен кийин талкаланган имараттарды кайрадан курууга туура келет, бул кошумча чыгым. 

Балким, каражатты өнөр жайды жана социалдык объекттерди өнүктүрүү жана инфраструктурага коротуу акылдуулук болмок. Булардын баары адам өмүрүнүн кыйылышын айтпагандагы чыгым. 

Израиль мамлекети түптөлгөндөн баштап анын араб дүйнөсү менен болгон байланышы каршылашуунун бир топ курч фазасы менен коштолду. Болжолдуу эсептөөлөргө караганда, согуштардын курмандыгына он миңдеген аскерлер жана катардагы жарандар айланышкан. Палестиналыктардан башка жакын арадагы араб мамлекеттери да израилдиктерге каршы турушту. 

1948-жыл:

Израиль: 6000 жаран каза болду (4000дей аскер жана 2000дей жай тургун);

Бириккен араб күчтөрү: 5000ден 15000ге чейин жаран курман болушту. 

1967-жыл:

Израиль: 776-983 жаран курман болду;

Араб тарап: 11500 жаран курман болду.

1978-жыл:

Израиль: 2500-3000 жаран курман болду;

Араб тарап: 8500-9000 жаран курман болду. 

Болжолдуу эсептөөлөр менен 1948-жылдан 2021-жылга чейин жалпысынан (жай тургундарды эсепке албаганда): Араб тараптан 46000 аскер кызматкери; Изриаль тараптан 11000ге жакын аскер кызматкери көз жумду. 

БУУнун экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Израиль маселесин чечүүдөгү башкы катасы катары анклавдардын жаралышын айтсак болот – Газа сектору жана Иордан дарыясынын батыш жээги. Булар саясый аппендициттер. Карама-каршы маанидеги мисал, Кореянын Түштүк жана Түндүк болуп бөлүнүшү – так бөлүнгөн эки башка аймак, эч кандай анклав жана талаштуу жерлер жок. Ошондуктан, ал жакта чыңалуу болсо да, кырдаал куралдуу кагылышууга жетпейт. Элестетип көргүлө, эки Корея тең өз аймагында анклавдарга ээ болсо, кан төгүүгө жеткирген кагылышуу күттүрбөйт эле. 

Эмнеге АКШда штаттар арасындагы чек ара маселеси жаралбайт? Ал жакта улуттук аймак жана титулдук улут жок. Сыягы, Ленин СССРди улуттук республикаларга бөлүү менен жаңылган. Андай бөлүү болбогондо, балким, ири өлкө АКШ сыяктуу сакталып калмак. 

Эгер жакынкы аралыкта душмандашып жаткан тараптардын лидерлери Биньямин Нетаньяху менен Махмуд Аббас жеке амбицияларын, сионизм жана арабизм идеологиясын жыйыштырып, тынчтыктын формулаларын түшүнбөсө, адам өмүрүнүн кыйылышынан кача алышпайт. Дүйнө жүзү боюнча адамзат цивилизациясынын өнүгүүсүн бир кыйла жайлата турган метастаз пайда болот.


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер