Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дараметиңиз бийик айым экенсиз, күч-кубат каалайм!

Дараметиңиз бийик айым экенсиз, күч-кубат каалайм!

27-март, 09:00
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Догдуркүл Кендирбаевага!)

Сиздин жасап жаткан иштериңиз көңүлгө толо баштады. Билим берүү тармагын реформалоого киришкениңизди кубаттайм. Дараметиңиз бийик айым экенсиз. Роза Отунбаева менен кызматтык мамилеңизди уккан жайым бар. Деңгээлине жараша адамдар бири-бирине жакындайт эмеспи. Бул жагынан кеп жок. Эң башкысы, сиздин билим жаатына чындап күйгөнүңүз, тазалыкка ыктап, чын эле жакшылык жаратууга белсенгениңиз кубандырат. Эң оор министрликти жетектеп жатасыз, түйшүгү, көйгөйү көп. Эрктүүлүк менен алдыдагы тоскоолдуктарга карабай, 12 жылдык билим берүүнү мектептерге киргизүүгө кириштиңиз. Кудай буюрса, ишке ашса, элибиздин келечегине даңгыр жол чапкан болосуз! Ошого катар окуу китептердин сапатын жогорулатып, аймактардан бери жетиштүү кыларыңызга ишенебиз. Мугалимдердин пенсия, айлыктарын көтөрүү түйшүгү да турат. Дээрлик илим жаатындагы коррупцияга бөгөт коюп, чала сабат кандидаттар менен докторлордун арбып кеткенине анализ кылып, баа берсеңиз болот эле. Айтор, билим берүү жана илим министрлигиндеги мурдатан калыптанган алешемдиктерди санай берсек сөз арбын. Талкаланган система да. Мына ошолордун баарын оңдоп, реформа кылуу колуңуздан келет. Чет жердеги кыргыздын илими күчтүү, ишбилги жаштарын тартсаңыз, тарых жаралат эле... 

Кыскасы, күч-кубат, ден соолук каалайм. Ар дайым ийгиликтерди гана багындырып, маанайыңыз ачык болсун! Сизди баалап, жактырган иниңиз бар...


Жайдарбек 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер