Арслан Койчиев менен Азамат Жаманкулов акылдан адаштыбы?
Кыргызстан ыңкылапчылардын өлкөсү катары дүйнөгө таанылды. Мындай атка кондурган олуттуу саясый окуялардын бири – 2010-жылдагы Апрель кандуу окуялары. Азыр болсо Курманбек Бакиевди актоо, Апрель революциясына катышкандарды каралоо процесси жүрүп, Адахан Мадумаровго окшогон оозуна алы жетпеген саясатчылар аларды мазактаганга чейин барып жатышат.
Эң таңгалычтуусу, ошол Апрель окуяларына байланыштуу материалдар Тарых музейинен алынып салынган. Тарых артка кайрылбагандай эле, аны ар ким каалагандай оңдогонго да болбойт. Тарых музейинин ачылышына катышкан президенттин кеңешчиси Арслан Койчуев өзү тарыхчы болуп туруп ушуну билбейби, же ал да тарыхты оңдоп жазганга кызыкдарбы? Же акылдан адаштыбы?.. Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун “жармасына” элибиз эчак эле тоюп бүткөн. Мындай кошоматчылар тарыхты кор кылып бүтүштү...
"Азия Ньюс" гезити