Иса Өмүркулов: “Аптекалар дары-дармектерди кымбаттатып, 50-60 сомдон кошууда”
-- Иса Шейшенкулович, өткөн жумада базарлар, дүкөндөр бир ажиотаж болуп басылды. Андай көрүнүштөр дагы да кайталанбас үчүн кандай чаралар керек деп ойлойсуз?
-- Андай болорун мен бир жума мурун эле эскерткем. Көрдүңүздөр, ун боюнча ажиотаж болду. Бул маселе дале болсо күн тартибинде турат. Мамлекеттик көзөмөлдөөчү мекемелер иштеп жатышат. Бирок, бул иш күчөтүлүүгө тийиш.
Эми дары-дармек боюнча. Бүт аптекаларда билинбей күндөн күнгө 50-60 сомдон кошулуп жатат. Аны көзөмөлдөгөн киши жок. Себеби, аптекалар, фармацевтикалык компаниялар, ортодон өз алдынча саткандар да көп. Алардын сапатын, мөөнөтү өтүп кетпегенин сөзсүз көзөмөлгө алуу керек.
-- Өкмөт баасы туруктуу кармалып турууга тийиш болгон ун, кумшекер, жумуртка сыяктуу бир топ товарлардын тизмесин жарыялады. Бул чаралар жетиштүүбү?
-- Ошолор толук аткарылса жакшы. Өкмөт аны күн тартибинен алып салбай, такай көзөмөлдө кармоого тийиш. Бул маселени биз да көтөрөбүз.
-- Чек аралар минтип жабык турганда, бааны бир калыпта кармап турганга мүмкүнчүлүк болобу?
-- Туура, идеалдуу аткарууга мүмкүн эмес. Бирок, жалпы тартип сакталышы керек. Ооба, чет өлкөлөрдө да кырдаал оор. Ошого байланыштуу бизде да абал оңой эмес. Ошондуктан, биздин өкмөттү күнөөлөйүн деген оюбуз жок. Кайра колдоо көрсөтөлү, алар иштесин деп атабыз.
"Азия Ньюс" гезити