Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиев бизге керекпи же?..

Алымкадыр Бейшеналиев бизге керекпи же?..

24-февраль, 13:06
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оргу-баргы, омбу-домбу сүйлөгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “24 медициналык окуу жайдын 17син жабам” деп тизмесин жарыялады. Алардын канчасы талапка жооп берет же жооп бербесин мамлекеттик комиссия чече турган болду. Алымкадыр Бейшеналиевдин мындай билдирүүсү коомчулукка жагып, колдоого ээ болуп жатат. Себеби, сабатсыз кадрларды даярдап жаткан окуу жайлар элдин көкөйүнө көк таштай тийиптир. Азыркы учурда өлкөбүздө 76 жогорку окуу жайы бар. Кыргызстан университеттердин саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде турат. Ал эми сапаты боюнча эң арткы орундарды ээлеген. 

Жаңы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев реформатор катары таанылган мыкты жетекчилердин бири. Ал жогорку билим берүүдөгү ушундай башаламан, чаржайыттыкты жөнгө салып, сапатсыз билим берип жаткан университеттерди кыскартып, билим берүүнүн сапатын көтөрөт деген элдин үмүтүн актайт деп ойлойбуз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер