Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өсүмдүк майы 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады

Өсүмдүк майы 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады

11-май, 11:58
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинети өсүмдүк майы менен кумшекерге болгон баага убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Аны ишке ашыруу экономика жана финансы министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырылды. Антимонополия агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков баалар кантип көзөмөлдөнөрү тууралуу «Азаттык» радиосуна маалымат берди.

«Өсүмдүк майын, кумшекерди өндүрүүчүлөр, ташып келгендер, ортомчулар, ишкерлер анын үстүнө акча кошуп сатат. Биз ошол кошулган үстөк каражатты чектөө боюнча иш жүргүзөбүз. Ал эми буга чейин тамак-аштын эң жогорку баасын белгилеп алып, анан бааны көзөмөлдөчүбүз. Азыр болсо кошулган үстөк пайыздарды карайбыз».

Кеңешбай Тайлаковдун маалыматы боюнча Кыргызстанга өсүмдүк майынын 90-95 пайызы, кумшекердин 50 пайызы сырттан келет. Өсүмдүк майы өткөн жылдын май айына карата 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер