“Саясый туткун: 1991-2022” даректүү тасмасы

Ородо калаабыз Бишкек шаарында 8-ноябрь күнү эркин журналист Адил Турдукуловдун “Саясый туткун: 1991-2022” деген аталышта даректүү тасмасынын бетачары өттү. Тасма тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналып, соңунда өлкөбүздүн эгемендик алган жылдарындагы бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу айтылды. Адил мырзанын даректүү тасмасы КР тунгуч президенти Аскар Акаевдин доорунан тартып, баардык бийликтин тушунда камакка алынган саясатчы, жарандык активист, ЖМК өкүлдөрү тууралуу өз-өзүнчө баяндалган.
Адил Турдукулов, иш-чаранын уюштуруучусу:
-- 8-ноябрь – саясый курман болгондорго арналган күн. Анткени, биздин элибиз үчүн каргашалуу дата. 1938-жылы биздин чыгаан уулдарыбыз мыйзамсыз атылып кетишкен. Азыр да биз ошол репрессияга өз көзүбүз менен күбө болуп жатабыз... Кайрадан чыгаан уулдарыбызга саясый куугунтук жүрүүдө. Бул кечээ эле башталган жок, ошол 1990-жылдардан баштап биз демократиялык укуктарга ыктаган мамлекет катары болсок да, канча ураан айтсак дагы, ар бир президенттин учурунда саясый куугунтук боло берген. Ошондуктан эмне үчүн бизде “адам укугу”, “сөз эркиндиги” деп кыйкырып жүргөн лидерлер, оппозициячылар бийликке келери менен кайрадан эле эски репрессиялык ыкма колдонуп жатканы мен үчүн дале табышмактуу болуп атат. Бул тасмада баардыгы камтылды деген ойдон алысмын...
Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:
-- Ар бир эле президенттин учурунда көптөгөн куугунтуктар болгон. Эгемендик алган учурдагы Акаев, Бакиев, андан кийинки Атамбаев, Жээнбековду алалы... Эми Акаев каерде, Бакиев, Атамбаев каякта? Биз качандыр бир артка кылчайып, тарыхыбызды карап, өз ара сыйлашууну, бири-бирибизди аяшты үйрөнүшүбүз керек да! Мына ушуга келе албай атабыз. Азыркы бийлик эртеңки күнүн ойлосо дейт элем. Садыр Жапаров келгенден бери укук коргоочуларды бир да жолу чакырып, диалог уюштурган жок. Биздин деле коомдо ордубуз бар. Сунуш айтып же сынга алгандарга социалдык тармактан жооп бере калчулары бар. Кээде өзү да соцтармактан шилтеп, же "Кабар" агенттиги аркылуу жооп берип койгону болбосо, диалог түзүүгө аракет кылган жок. Биздин сунуш-пикирлерибизди аткарбаса койсун, угуп койсо деле болмок.
Өмүрбек Суваналиев, коомдук ишмер:
-- Мурдагы бийликтердин тушундагы укук коргоо жана сот тармактарынын кызматкерлеринин иш-аракеттеринде чоң айырма бар. Мен 1992-жылы камалганда биздин укугубузду коргогон укук коргоочулар деле болгон эмес. Анда укугубузду журналисттер коргогон. Коопсуздук кызматынын тергөө абагында он ай жаткам. Бирок мени сот актаган. Анткени ал кездеги соттор үстүнөн канчалык кысым, көрсөтмө болсо да өздөрүнүн көз карандысыздыгынан кайтчу эмес. Мени 1-инстанцияда актабай, ишти кайра тергөөгө жиберген сот абакка тамак-ашын көтөрүп келип, адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кечирим да сурап кеткен. Азыркы кырдаалда бул ойго келбеген нерсе. 2006-жылы мен “Бириккен фронт” үчүн кармалып, камалдым. Анда да акталдым. Бизде саясый куугунтукка кабылып, соттолуп, камалгандардын баары акталды. Бирок кийинки бийликтин тушунда акталгандан кийин бири да жоопко тартылган жок. Анткени алардын баары бийлик менен сүйлөшүп алышкан. Азыркы президент, УКМК төрагасы, мурунку спикер үчөө бийликке келгенден кийин булар да башкаларга үлгү болуп, өздөрүн соттогон, камаган адамдарды жоопко тартыш керек болчу. “Экинчи мындай адилетсиздик болбойт” деп көрсөтүшү керек эле. Андай болбоду. Мен сотко бермекмин, бирок мени отургузган адамдардын баары о дүйнө кетип, бир гана Чолпон Баекова калды. Ал менден өзү үч жолу кечирим сурады. Аял киши катары аяп, сотко берген жокмун. Анан Кашкар Жунушалиев качып жүрсө, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитовдор деле “нормальный экен” деп коюшат да...
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:
-- Саясый күрөштө жүрүү оңой эмес. Негизи бийлик күч колдонбой, мушташпай, атышпай, Конституциялык жол, шайлоо жолу менен алмашып турса, биздин мамлекет бир топ эле алдыны карай өнүкмөк.
Ар бир бийлик эл, коом жакшылыктан үмүт үзбөй жашай турганын эске алышы керек. Эл “эртең жакшы болот” деп күтөт, тилек кылат. Бирок бара-бара ошол үмүтү үзүлүп, аргасыздык пайда болот. Аргасыздык бийликти алмаштырууга алып келет. Бүгүнкү болуп жаткан окуялар, камоолордун арты жакшылыкка алып барбайт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити