Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажонун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы

Ажонун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы

30-апрель, 20:26
1 566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кытай компаниясы карыздын эсебинен Кайыңды кабел заводун алды деген малымат тараган.  

Factcheck.kg  жана Kaktus.media редакциялары маалыматты кылдат текшерип көрүүнү чечти жана компанияга жаңыдан ээлик кылган адамдардын арасынан Гүлсара Сулайманова аттуу айым бар экенин аныктады. Гүлсара Сулайманова — Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика - Ата-Журт” фракциясы) Алиярбек Абжалиевдин жубайы.

Буга байланыштуу Абжалиевдердин үй-бүлөсү мындан тышкары дагы кандай бизнеске ээлик кылат деген суроого жооп издедик. Жыйынтыгында ажонун кудасы өлкө боюнча курулуш, туристтик жана тоо кен өнөр жайы менен байланышкан бизнестин түрлөрүнө тиешеси бар болуп чыкты. 

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары.  

Абжалиевдин расмий кирешеси

Алиярбек Абжалиевдин эмгек жолунун басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматта өткөн. Ал салыкты Бишкек шаарындагы Кызыл-Кыя көчөсү, №29 дареги боюнча төлөп келет. Бирок, бул дарек боюнча жайгашкан үй Максим Михайлович Милюковдун наамында. Ага чейин турак-жайга Жонышбек Сатанбаев аттуу адам ээлик кылган. 

Алиярбек Абжалиевдин 4 жылда тапшырган декларациясына көз чаптырсак, анын кирешеси купулга толорлук деле эмес, ал эми өзү ээлик кылган мүлк катары депутат бодо малы менен унаасын көрсөткөн. 

2015-жылы депутаттын жалпы кирешеси 289 миң сомду түзгөн, мүлкүнөн – болгону бир унаа. 

2016-жылы деле декларацияда бир унаа көрсөтүлүп, Абжалиевдин да, анын жакын туугандарынын да кошумча кирешеси болгон эмес. 

2017-жылы да ошол эле көрүнүш. 2018-жылы тапшырылган декларацияга ылайык, депутаттын жана анын жакындарынын бир да фирмасы болгон эмес. 

Алиярбек Абжалиевдин экс-жубайынын бизнеси

Гулсара Каныбековна Сулайманова – Алиярбек Абжалиевдин экс-жубайы. Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында алардын ажырашканы тууралуу маалымат бар.   Сулайманова менен Абжалиевдин байланышы бар экенин социалдык тармактар аркылуу аныктадык. Гулсара Сулайманованын Facebook социалдык тармагына жүктөгөн сүрөтүндө жанындагы бала анын кичүү уулу деп божомолдодук.  Алиярбек Абжалиевдин уулу Эмирлан Алиярбек уулунун соц. тармактагы сүрөтүнөн Сулайманованын да көрсө болот.  

Сүрөт Facebook социалдык тармагынан алындыГулсара Сулайманова уулу Эмирлан Алиярбек уулу менен

Эмирлан Алиярбек уулу атасы Алиярбек Абжалиев менен


Кайыңыды кабел заводу

2018-жылдын июлуна карата Кайыңды кабел заводунун карызы 111 млн сомду түзгөн.  

Карыздын көбү россиялык компаниядан алынган 700 миң доллар насыянын эсебинен келип чыккан. Насыя убагында төлөнбөй калган учурда заводдун мүлкү жана жабдуулары кепилдикке алынган. Ал эми заводдун мүлкүн карызы менен кошо кытайлык негиздөөчүлөрү бар «Метал-Кен» ЖЧКсы сатып алган.  ЖЧКнын ээлеринин арасында Гулсара Сулайманова да бар. Соңку жетекчилик жаңы завод курууну жана 50 млн доллар өлчөмүндө инвестицияны убадалайт. “Метал-Кен” ЖЧКсы завод үчүн канча каражат төлөгөнү табышмак. 2018-жылдын 24-июлунда Кайыңды кабел заводу өз мүлкүн жана жабдууларын «Метал-Кенге» өткөрүп бергени маалымдалган.  

Жыйынтыгында Кайыңды кабел заводу мүлксүз жана жабдуусуз, бирок карыз бойдон кала берген.  Эске салсак, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматка ылайык, заводдун акционерлери — анын кызматкерлери, мамлекет (24%) жана россиялыктар (5% дан аз). 

Документтерге ылайык,  “Тай Хао” ЖЧКсы түстүү металлдарды сатуу менен алектенет.  Алиярбек Абжалиевдин экс-жубайы бул фирмага да ээлик кылгандардын бири болуп саналат.  Аталган ЖЧК Исанов көчөсү, 98/16 дареги боюнча жайгашкан. Бул батир 2009-жылдан тарта 2018-жылга чейин Сулаймановага таандык болгон. 

Ал эми “Кыргыз-кен компани” аттуу  кыргыз-кытай компаниясы коммерциялык суроолор бюнча консультация берүү максатында ачылган жана анын негидөөчүлөрүнүн бири — бизге белгилүү болуп калган Гүлсара Сулайманова. 


Тоо кен өнөр жай тармагы 

Гүлсара Сулайманова — көмүр өндүргөн «Жол-Чырак» компаниясынын да негиздөөчүлөрүнүн бири. “Жол-Чырак” Алай районундагы «Загар» кенинин эки тилкесине лицензия алган.

Мындан тышкары, депутаттын жубайы баалуу металлдардын рудаларын казып, иштеткен "Кыргызспецгеосервис" аттуу фирманын,  башка топторго кирбеген түстүү металл рудаларын казып алып, иштеткен  “Сорон” жана  Ысык-Көлдөгү табыгый ресурстарды өндүрүүчү ОсОО "Жети Огуз Майнинг" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн катарына киргенин аныктадык.

Курулуш тармагындагы бизнес

Сулайманова ээлик кылган "Альбина Строй" ЖЧКсы жарандык объектилерди куруу менен алектенет, ал эми  “Софт строй” компаниясы кыш, черепица жана  бышкан топурактан жасалган башка  курулуш материалдарын иштеп чыгат.   

Мындан тышкары, Гүлсара Сулайманова “Мегастроймаркет” компаниясына жалгыз өзү ээлек кылат. Бул компаниянын юридикалык дареги боюнча жайгашкан объект 2004-жылдан тарта Сулайманованын карамагында.

Логистика жана соода складдары 

Кыргыз-кытай Экономикалык өнүктүрүү компаниясы - Ош өнөр жай жана соода аймагы жашылча-жемиштерди дүңүнөн сатуу менен алектенет. Ал эми  Сулайманова Гулсара Каныбековна жана кытай жараны —. компаниянын негиздөөчүлөрү. 


Эс алуу тармагы 

Бостери айылындагы пансионат 

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Дельфин Лэнд” компаниясы мейманкана кызматтарын көрсөтөт.  Анын юридикалык дареги боюнча Бостеридеги  “Дельфин делюкс” пансионаты жайгашкан. 

Мындан тышкары, Гүлсара Сулайманова 2017-жылдан тарта “Голден трип” туристтик агенттигине ээлик кылат. 

Башкасы

Депутаттын мурдагы жубайынын билим берүү тармагына да кызыгууу арттырганын ачык булактардан аныктадык. Сулайманова — Москва мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы илимий окутуу мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал ээлик кылган башка да бизнес түрлөрү бар: 

Бизнес атрибут” компаниясы, кеңири ассортименттеги дүңүнөн сатуу компаниясы;
«Сегаарт» ЖЧКсы – кооз таштарды кесүү;
 "БСТВ-ОШ" ЖЧКсы – коммерциялык, ишкердик уюмдардын (ассоциациялардын) иши.


Алиярбек Абжалиевдин уулунун бизнеси

Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын катышуучусу болгону коомчулукка маалым.   

Ал Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты кызматын аркалап келген. Эл өкүлү катары окуучуларга жол эрежелерин сактоо тууралуу кеңеш берген иш-чарага терезелери караңгылатылган автоунаа минип барганы менен белгилүү болгон. 

Анын карамагында да курулуш компаниялары бар. Бюджетке төлөгөн салыктары өтө аз болгондуктан, алардан түшкөн киреше төмөн деген жыйынтыкка келдик.  

Токобеков Сухраб Жармухамедов аттуу жаран менен элиталык швейцар сааттарын сатуучу "Хелфер Вотчес КЖ" компаниясына ээлик кылат.  2015-2019- жылдары аталган компания бюджетке таштанды чыгаруу жана фирманы кайра каттатуу кызматтары үчүн 1000 сомдун тегерегинде гана каражат төлөгөн. 

Мындан тышкары Токобеков менен Жармухамедов "Фемили групп" ЖЧКсына ээлик кылат. 2017 жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен фирманын бюджетке төлөгөн салыгы  613 сомду түзгөн. 

"Фемили групп" компаниясынын бир нече филиалдары бар:

"Фемили-Декор" ЖЧКсы (курулуш-монтаж иштери); 

"АЗМ-Строй"(имараттарды куруу);

"Фемили-Бетон" ЖЧКсы (бетон чыгаруу);

"Фемили Секьюрити" ЖЧКсы (күзөт агенттиги);

"Нур Элит Строй" ЖЧКсы (имараттарды куруу);

 "Скай Лайт" ЖЧКсы (имараттарды куруу);

 "Эл Свет" ЖЧКсы (борбордук кеңселердин иши);

"АРЕНА СПОРТ" ЖЧКсы (спроттук иштер); 

 "Фемили фонд" Коомдук фонду;

"Джи Эс групп" ЖЧКсы (имараттарды куруу);

"Фемили Вилладж" ЖЧКсы (имараттарды куруу);

Токобеков атасынан калган түстүү металл рудаларын казуу жана байытуу менен алектенген "Сапат Кен Сервис" компаниясына да ээлик кылып келген. Бирок, учурда бул компания ачык булактардагы маалымат базасында жок.

Жыйынтык: Гүлсара Сулайманова ар кыл тармакта иш алып барган 17 фирмага,  анын уулу

Темирлан Токобеков 13 фирмага ээлик кылат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер