Адахан Мадумаров “заалым”, акыры Садыр Жапаровго жамандык жасайт


Бийлик Адахан Мадумаровдун астында утулду. Чечмелөөнүн деле анчейин кажети жок. Алгач “чыккынчылыкка” айыпталып иш козголсо, кийин “кызмат абалынан кыянаттыкты пайдаланган” таризинде өзгөртүлдү. Бир канча айдан бери саясат козуп, упай алуу жагы өнүктү. Ортодон прокуратура кызматкерлери, президенттин акыл кошчулары адаштырышты. Негизи кылмыш иши барбы? Эмнеге эркелетишет? Чоң саясатта аябайт да! Адаханды арстан кылбай эле камаш керек эле, же тийишпей койбойсуңарбы? Парламентке “Бүтүн Кыргызстанды” өткөзүп, анан аны кастарлап, натыйжада, улуттук баатырга чейин теңедиңер. Акырында Жогорку Кеңеште баарына акыл үйрөтүп отурат. Мадумаровдун түбү “заалым”, акыры Садыр Жапаровго жамандык жасап, ордун тартып алууга жандалбастайт. Убактылуу жумшарып, дипломат көрүнгүсү келет. Бирок аягында калайманды ушул салары ажеп эмес. Бүгүнкү бийликтин алсыз командасы чыккынчылыкка себепчи болору шексиз. Соңку убакта Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушев “мыш” болду.
"Азия Ньюс" гезити











