Акыркы кабарлар
21:02
» Саясат » Садыр Жапаров КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат
Садыр Жапаров КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат
02-февраль, 21:43

Садыр Жапаров эртең Кытайга учуп кетет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы олимпиада–2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда тараптар саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.