Таалай Сариев: “Ордо калаабыздагы төрт райондун аттарын которууга мезгил келди”
Бишкек шаардык кеңештин депутаты менен маек.
-- Таалай, кечээ шаардык кеңештин жыйынында ордо калаабыздагы төрт райондун аттарын өзгөртүү боюнча маселе көтөрүп чыктың. Эмнеден улам?
-- Ар бир кыргыз жараны өз элин, жерин сүйүп, урматтап, патриот болуусу керек. Өзүңүз көрүп тургандай, учурда мамлекетибиздин абалы өтө оор. Кайсы жагын албайлы, мейли экономикасын, маданиятын, социалдык деңгээлин, баардыгы төмөн түшүп кетти. Ушундан улам кашык көтөрө алган алты жаштан алтымышка чейинкилер, жети жаштагы тамга тааныган баладан жетимишке чыккан аксакалдардан өйдө өз элибизди алдыга карай өсүп-өнүгүшүнө салым кошуубуз кажет. Ата-бабадан келаткан каада-салтты, үрп-адатын жаңылап, жакшы жашоо багытына бет ала турган учур келди. Эл тарабынан абдан чоң колдоо тапкан президентти шайлап алдык. Ордо калаабыздагы төрт райондун атын өзгөртүү мурдатан эле демилгеленип келген эле. Бирок, демилге жерде калып, улам артка жылдырылып, башка маселелер менен алек болуп кеткенбиз. Шаардык кеңештин депутаты катары айтарым, ордо калаабыздагы төрт райондун аттарын өзгөртүү учурдун талабы болуп тургансыйт.
-- Аттарын өзгөртүп койсок эле шаарыбыз гүлдөп кетеби?
-- Москва деле бир күндө курулган эмес. Атын өзгөртүп койгондун эртеси эле гүлдөп кетпейт дечи. Бирок, аттарын өзгөртүүдө чоң жоопкерчилик пайда болорун эске алганыбыз оң. Келечек муун Свердловдун ким экенин, шаарыбызга же мамлекетибизге кандай салым кошконун билбесе керек. Эмне үчүн өзүбүздүн мамлекет түзүлүшүнө, калыптанышына салым кошкон, көздөрү өтүп кеткен азамат уулдарыбыздын аттарын койсок жарашпасын? Башка улуттун тарыхын, адамдарын билгенден мурда өзүбүздүн ата-тегибизди билсек сонун болгону турат.
-- Демилге кылгандан кийин кимдин аттарын койсок деп атасың?
-- Бир районго Чыңгыз Айтматовдукун, дагы бир районго Турдакун Усубалиевдикин, дагы бирине Исхак Раззаковдун жана Жусуп Абдрахмановдун ысымдарын койсок болот.
-- Ысымдарын которуу жагы шаардык кеңештин депутаттарынын колунан келеби?
-- Биз демилге көтөрүп, Жогорку Кеңешке жиберебиз. Эл өкүлдөрү алгач комитетте карап, талкуулап, анан алып чыгышат. Маселе жөнөкөй эле. Биз мына ушундай иштер менен жаңы шайланган президентке колдоо кылалы да. Колуна кол, бутуна бут болуп дегендей. Менимче, мындай нерсени шаар эли жана президент колдосо керек.
-- Таалай, жакында шайлооңор өтөт эмеспи, аламанга аттанасыңбы?
-- Кечиресиз, убактысы келгенде айтайынчы. Анткени, азыркыда “Өнүгүү-Прогресс” партиясы аркылуу келгем. Бу жолу аны мененби, же башка саясый партия мененби, белгисиз...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити