Талант Батыралиев: “Оор акыбалдан бирдиктүү аракеттер менен чыгабыз”
-- Илдет кайрадан күч алып, кооптондуруп турган учур. Коронавирусту дарылоо боюнча азыркы дарыгерлерге кандай баа бересиз? Тажрыйбалары жетиштүүбү?
-- Ковидди дарылоо боюнча саламаттык сактоо министрлиги 5-протоколду бекитти, ошонун негизинде иштеп жатышат. Албетте, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле биздин дарыгерлер да тажрыйба топтоду. Көп профилдүү ооруканалар болмоюн проблема чыга берет, бирок мындай абал бүгүн эле жарала калган жок. Оор акыбалды бирдиктүү аракеттер менен жеңебиз. Ар бир жарандын, штабдын жана бейөкмөт уюмдардын салымы бир багыттуу болууга тийиш. Кыйынчылыктарга карабастан алга умтулганыбыз туура болот.
-- Обсервацияда, айрыкча “кызыл зонада” жаткандар, кыйналгандар өтө жаш кадрлар иштээрин, тажрыйбалары жоктугун, айрым учурда кароо жетпей, оорчулукка дуушар болгондорун айтышууда. Буга кандай көз караштасыз?
-- Обсервациялардагы абалды ар кандай жоруса болот. Бирок алар айласыздан курулган жайлар. Пандемияга даяр бир да өлкө болгон жок, АКШ, Бразилия, Чехиядагы акыбал буга күбө. Кемчиликтерди угуп, оңдоо абзел. Дарыгерлер деле кемчиликтерди сезип, жоопкерчиликтүү мамиле кылууда. Ооруканалардын эскилиги, инфраструктуранын төмөндүгү, мультидисциплинардык кызматтын жетишсиздигин баары эле билишет, кырдаал жаңы эмес. Алдыңкы фронтто кызмат кылган медиктердин духун жогору тутууга баардык аракеттер көрүлүүдө. Ошондуктан, ынтымактуу болуп, экономиканы тез арада алдыга жылдырбасак, кайда барсак да “мамайдын көрү”.
-- “Кызыл зонадагы” дарыгерлерге кандай эмгек акы төлөнүүдө?
-- Маяна – чоң талкуу жараткан дайыма актуалдуу проблема. Ойлогон ой, айтылган сөз жана реалдуу кылынган иштин жыйынтыгы бирдей болмоюн, чаржайыт пикирлер көбөйө берет. Министр сөз берди, мөөнөттөрүнөн бери айтты, жадагалса бир-эки айда пенсияны да реформалардын жыйынтыгы менен көтөрөрүн ачык жар салды. Бийликтин бүткүл бутактары колдогон министрдин максаттарын ишке ашыруусуна көмөктөш болуу жана убакыт керектигин дайыма эске алсак туура болот. Убакыт тараза.
-- Кайдыгерликтен улам өлүмдөр орун алган жокпу?
-- Кайдыгерлик – тилекке каршы, эки тарапка тең тийешелүү нерсе: бейтап өзүн коргобой, ооруса убагында кайрылбай, өзүн өзү даарыламай дегендей; медиктер кээде ыкчам жардам бербей, тийешелүү диагностика жана дарылоо аракеттерин кечиктирген сыяктуу. Албетте, оорунун кесепети күчөгөндө, же күтүлбөгөн жыйынтык болгондо күнөөлөмөй башталат. Ошондуктан, саламаттык сактоо тармагын толук кандуу “улуттук билги банкасына” өткөзүп, медицина тармагындагы бүт иш-чара: кабылдама, диагностика, дарылоо жана көзөмөл электрондук ортомдо жүргүзүлмөйүн так мамиле болушу кыйын. Санариптештирүү дегенден же биз чарчабадык, же улам алмашкан бийлик велосипедди кайра жасабай, даярын алгандан качып жүрөбүз.
"Азия Ньюс" гезити