Канат Жумагазиев элге кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтүүдө
Башка облустун башчыларына караганда Чүйдүн губернатору Канат Жумагазиев алгылыктуу иштеп жатат. Мамлекеттик казынадан жетиштүү каражат бөлүнбөсө да, экономикалык-социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы идея, долбоорлордун үстүндө алектенгени кубандырууда. Буга чейин чечилбеген суу, жол, мектеп, бала бакча сыяктуу маселелер акырындыкта бүткөрүлүп, үмүт жаратууда. Облустук жетекчилердин иштөө тартиби ыраатка салынып, кадимкидей тартип орноп калганын байкай алдык. Элге кызмат көрсөтүүнү татаалдаштырбай, эң жөнөкөй үлгүсүн Канат Жумагазиев жасай алды. Таза, тажрыйбалуу, аракетчил сапаттары көңүл бурдурууда. Миллиондон ашык калкы бар Сары Өзөндөгү башаламандык, чыр-чатактар, негизги социалдык көйгөйлөр чечилүүдө. Мамлекеттик саясат түп-тамырынан оңолсо, акыры “алып-жулмай”, коррупция токтосо, Чүй облусуна ири инвестиция агылып, ийгиликтүү ишкерликке жол ачылат эле. Буюрса, ал күнгө да жетербиз...
"Азия Ньюс" гезити