Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Турсалиева: “Тилек Токтогазиев министрликтен алынгандан кийин мен да кеттим”

Бермет Турсалиева: “Тилек Токтогазиев министрликтен алынгандан кийин мен да кеттим”

21-март, 15:17
999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кетүүңүзгө эмне себеп болду? Бул чечимди кабыл алуу оңой болбосо керек...

-- Негизи мага министрликтин орун басарлыгына күтүлбөгөн жерден Тилек Токтогазиевден сунуш болгон. Анын сунушунун негизинде командасына көңүл койсом, абдан прогрессивдүү адамдар көп экен. Ошондон улам, алар менен чогуу иштөө чечимин кабыл алгам. Бирок, биз ойлобогон жерден эле Тилек Токтогазиев иштен алынып кетти. Биз ага карабастан баштаган ишибизди алдыга жылдыра берүүгө аракет кылдык. Бирок, мен ишке ошол команда үчүн баргандыктан, алар кеткенде жалгызсырай түштүм. Ал эми жаңы түзүлгөн командадан өзүмдү көрө албагандыктан, кетүү чечимин кабыл алдым. Мага негизинен кабинетте отура берүү кыйын. Өзүбүздүн команда менен иштегенде дайым сүйлөшүүлөр, алдыга жылууларга басым жасап, өзүм кошо чуркачумун. Баштаган иштерди таштап кетүү оор эле болду. Ошентип, ойлонуп, эки жумадай кыйылып атып, акыры кетүүнү чечтим.

Азыр министрликке иштей турган жакшы адамдар келди. Андыктан кеткениме ичим ачышкан жок. Анүстүнө өзүмдүн долбоорлорум дагы туруп калды. Ал эми кызматкерлердин арасында капаланып, сиз кетсеңиз мен да кетем дегендер, шагымды сындырдыңыз дегендер да болду. Мен жаңы министрди жаман дебейм, ал өтө тажрыйбалуу адам. Ал киши өз командасы, өзүнүн методдору менен ишти мыкты алып кетерине ишенем. 

-- Министрликтеги жалпы жамааттын дараметин, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн кандай бааладыңыз? Дегеним, бул министрликке четтен туруп айтылган сындар көп.

-- Биз сырттан туруп сындаганды жакшы билебиз. Бирок, ошол эле министрликте көпчүлүгү абдан мээнеткеч, ишбилги адистер экенин айта алам. Азыр азык-түлүк коопсуздугу, жазгы талаа иштери, кымбатчылык күч алып турганда пландаштыруу, мониторинг, анализдөө иштери абдан көп. Андан сырткары, күнүмдүк иштерден баш көтөрүлбөйт. Бизде эски кадрлар дагы эле ошол жерде отурабы? Ал эмне кылып койду?” деген өңдүү сөздөр көп. Мен андай сөздөрдү толугу менен колдой албайм. Анткени ошол илгерки адамдар ал жерде иштеген жаш кадрлардын профессионалдык өсүп жетилишине чоң салым кошуп атат. Бул системанын ичине кирип, алар менен иштешип көргөндөн кийин министрликтин жактоочусу болуп калдым. 

Албетте, мен иштеп жаткан кезде айрым кызматкерлер сынап карап, айрымдары тоготпогон учурлар болду. Бирок, мен аларды адамгерчилик мамилем менен өзүмө бура алдым. Жетекчи адамгерчиликтүү, профессионал болсо, команда менен бийик жетишкендиктерди багынта алат. 

-- Сиз иштеп кеткен аралыкта кандай жетишкендиктер, орчундуу өзгөрүүлөр орун алды? Сиз баштаган иштер, долбоорлор токтоп калган жокпу?

-- Тилек Мурсалиевич менен баштап, андан ары улантып кеткен ишибиз бул – айыл чарба жарманкелери болду. Анда азык-түлүктү өз баасында сатып алууга болот. Сырттан оңой көрүнгөнү менен аны ишке ашыруу үчүн бир топ чуркап, өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ал эми орчундуу өзгөрүүлөрдүн бири – коллективде иштегендердин арасында ишке болгон кызыгуу, ишеним, ар тараптуу өнүгүүгө болгон өбөлгө түзүлүп калды деп ойлойм. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер