“Таластыктардын сабатсызы парламентти башкарды, сабаттуусу камалды..."
Спикер Дастан Жумабеков тактыга отургандан бери эле түрдүү сын пикирлер айтылып келет. Бүгүн да Фейсбук колдонуучулар анын сабатсыздыгына нааразылыгын билдиришүүдө. Социалдык тармактын колдонуучусу Адилет Айтикеев: “Дастан байке, кол ийрисине тартат деп колдогон бизге да уят. Кетпесениз болбой калды... Убагында Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумун орусчасы ноль адамдар деле башкарган. Бирок, алардын орус тилинде текст окуганын кинохроникалардан көргөм. Алардын мээнеткечтигине 5+ деген баа коет элем. А Сиз канчадан бери текст окуу жагынан жаңылып деле жадабадыңыз. Же андан жыйынтык чыгарбайт да экенсиз... Уят. Болбойт мындай” деп жазган.
Анда саясатчы Өмүрбек Абдрахманов: “Таластыктардын сабатсызы парламентти башкарды, сабаттуусу камалды” деген пикирин калтырган. Бул жерде демократ саясатчы Равшан Жээнбековдун түрмөдө отурганы жөнүндө кеп болуп жатат...
Aryba.kg