Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чала доктур Алымкадыр Бейшеналиевдин чыккынчылыгы...

Чала доктур Алымкадыр Бейшеналиевдин чыккынчылыгы...

06-февраль, 23:16
1 865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошентип, “чимкирик” Жогорку Кеңеш бир добуштан жаңы өкмөттү бекитип берди. Бекиткенде да, кечээ эле жаңы ойгонгондой кеңеш беришип, акыл үйрөткөндөрүнө эмне дейбиз? Иса Өмүркүлов, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев сыяктуулар, уят деле жок экен силерде. Он жыл бою Кыргызстанды каалагандай тегереттиңер. Азыркы абалына алып келдиңер да, эми күнөөсүз, кечээ төрөлгөн, көзү алайган балапан болуп калгандарыңарга эмне дейбиз? Раматылык Чыныбай Турсунбеков (“Акун”) агайыбыз да өтүп кетти. Анын кызы тың чыгыптыр, күнөөлүүлөрдү издеп жүрү, тимелечи (!) доктурлардын көзүн чукуп салчудай. Ал жаш кызга эч кимибиз айта албай койдук, “карындаш, биздин медицинанын ушул абалга жетишине сиздин атаңыз өзү биринчи кезекте күнөөлүү” деп. Мына пандемия болуп калып, байлар дагы бирдей көрүштү, ооруканалар менен врачтардын ыйлай турчу деңгээлин. Бийликте Чыныбай Турсунбеков да турду го, канча премьер-министрди өзү алмаштырды? Жазында Космосбек деген чудону” депутаттар бир добуштан министр кылып дайындашты. Эл жөнүндө бири да ойлоп койгон жок. Депутаттын көбү чет өлкөгө чыгып көнүп калган. Пандемия болуп, эми мына жатып калдыңар... Анан эми даттанасыңар түштөн кийин. Жоопкерчилик деген ошондой болот экен!

Саламаттык сактоо министри болуп күзүндө дайындалган Алымкадыр Бейшеналиев мырза тилекке каршы, өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алган жок. Бул эми өзүнчө трагедия. Кадрдан кетирилген катачылыктар миңдеген үй-бүлөлөргө түздөн-түз зыян келтирүүдө. Ойлоп көрсөңүз, бул министр “Пфайзер” вакцинасынын отуз миң дозасынан баш тартып, “бизде акча жок” деп айтты. Анан ЮСАИД менен ЮНЕСКОлорго да шылтап, шерменде болду. Кымбаттуу Алымкадыр доктур, сиз ошол эле Чыныбайлар менен жаш кезиңизден чогуу бир кампания болуп жүрдүңөр. Айтыңызчы, анын өмүрү ошол он миң долларга алынчу тоңдургучтан арзанбы? Отуз миң доза он беш миң биздин жарандын өмүрүн сактап калмак. Батышта болсо азыр экиден эмес, бир эле дозадан сайдыртып атышат. Элестетиңиз, март айында биздин отуз миң картаң жана оорукчан карыяларыбыз сайдыртып алышса, канча деген өмүрлөр сакталып калмак? Анан ушул Бейшеналиев деген чала министр “акча жок” деп баш тартып атканы чыккынчылык эмеспи? Өзбекстанда “Пфайзер” сунуштаган жүз миң вакцинаны сайдырууга даярданып атышканын эске алышыбыз керек, эч кандай паникасыз эле.  

Бул Бейшеналиевдин толугу менен жергиликтүү медицинаны талкалап атканын айтпай эле коёлу. Отуз жылдан бери жүргүзүлүп келген саясат туура эмес болгондур, бирок кичине кеңешип, жети өлчөп, бир кесип”, жакшы талкуулап, анан кетирилген катачылыктарды оңдошубуз керек эле. Элдин баары шайлоого алаксып, жаңы жылды тосуп жүрүшсө, Алымкадыр министр приказдары менен эле чечип салганын туура мамлекетчил саясат катары кабыл ала албайбыз. 

Жакында Россиядан келип кеткен белгилүү жердешибиз Онищенко мырза да тар чөйрөдө “силердин министриңер бир кызык неме экен” деп күйгүзүп айтканын да эшиттик. Эми ушундай дискредитация болгон министрди Садыр аба Жапаров жеке достугун кыялбай кайра дайындап атат.

Улукбек Марипов боюнча элибиз түз пикирде. Артем Новиков азыркы этникалык азчылык, кечээки кожоюндун өкүлүн кыргызга башбакан кылып дайындоо улуттук намысыбызга шек келтиртмек. Улукбек мырза дасыккан адис эле эмес, чоң мамлекеттик ишмерге жетишкенине Жогорку Кеңешке үч күн бою келип, чимкириктердин суроолоруна өтө ишенимдүү жана компетенттүү жооп берип атканына баа бере алдык. Болсун! Бирок суперминистрликтерди түзүп коюу кагаз бетинде өтө оңой. Эми бир жыл бою булар элдин жашоосу менен алек болушпай, кабинет жана папка талашып, уюштуруу иштерине алаксышат. Жаңы өкмөттөн мыкты жетекчилерди байкай алган жокпуз, Руслан Казакбаев менен Камчыбек Ташиевден тышкары. Суперминистрликтерди ушул экөөнүн калибриндеги жетекчилерден дайындаса болмок экен деп калдык. Ошол эле Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановдорду акыл үйрөттүрбөй, ишке тартсак болот беле деген ой. Болбосо жаңы дайындалган, аты белгисиз, өмүрүндө кагаз эле ташыган министрлерди ошол курамына кирген чоң-чоң мурунку мамлекеттик комитет жана агенттиктердин башчылары тоготуп да койбой, кайра эле баягы талаш жана жоопкерсиздик токтобой, иш жүрбөй калчудай сезилет. 

Мына, Абылгазиевди “кагазга туура эмес кол койдуң” деген доомат менен камап коюшту. Мындай иштер азыр миңдеп саналат. Анан жаңы жетекчилер азыр кол коймок беле? Садыр Жапаров ушул жагын кандай чечкени жатат? “Баардык маселелерге өзүм киришип, жеке чечим кабыл алам” деп атса, терең жаңылат.  Жоопкерчиликти бериш керек. Мыкты, өз алдынча ишти алып кете тургандарды алып келиш керек. Деги эле жаңы өкмөттүк структураны жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бекитсек болмок. Ага чейин Садыр Жапаров өзү кадрларды тандап, ар бир тармак менен таанышып алмак деп айтууга негиз бар. 

Эмнеси болсо дагы колдоп туралы. Бакырчаак Бакайлардыкы туура эмес.  Шайладыңарбы, жаңы бийликке мүмкүнчүлүк берели! Ишин көрсөтүшсүн. Кимди кандай дайындашат – өздөрүнүн жоопкерчилиги жана кызыкчылыгы. Иш алдыга жүрүп кетсе эле болду деген үмүт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер