Гүлсана Бапаева: “Биз адамдын организмине сиңбей турган көп тамактар менен азыктанабыз”
-- Адам иммунитети төмөн болсо, тез-тез сыркоолойт. Иммунитет кандай учурда түшөт, кантип көтөрсө болот?
-- Организмге сиңбей турган сууну, тамакты ичкенде иммунитет түшөт. Суу таза, хлору жок болуп тундурулушу шарт. Суу – бул өмүр. Суу менен көп ооруну жеңебиз. Суу канчалык көп болсо, кан жакшы айлана баштайт. Суу организмде аз болсо, кандын элементтери жакшы айланбай калат дагы, иммунитет төмөндөйт. Адамдын дене табы 36 градус болгон үчүн сиз дагы ошол температурадагы сууну ичкениңиз оң.
Биз адамдын организмине сиңбей турган көп тамактар менен азыктанабыз. Тамак эч качан химикат болбошу керек. Майонез, кетчуп, кириешки болобу, зыяны арбын. Пакеттин ичине сакталган тамакты жебеш керек. Тамак бузулбаш үчүн канчалаган химикаттарды кошушат. Союз убагында чыт курсактар бир нан, чай менен деле курсактары ачкан эмес. Себеби, ал кездеги буудайлардын глютен деген заты аз болгон. Азыркылардыкы көп болуп жатат. Глютен унду тез көтөрүп, тез ачытат. Бирок ал клей сындуу. Ашказанга киргенде ашказандын тамак сиңире турган былжыр челдерине жабышып калат. Булар бизге келген тамакты толук сиңирип бербейт. Сүт азыктарында да казеин деген зат бар. Ал дагы клей. Ушул сыяктуу химикат заттар иммунитетти түшүрөт. Эмне үчүн оорулар көбөйүп кетти? Ушундай сиңбеген тамактар менен организмибизди, кан тамырларды шлакка толтуруп алабыз. Андыктан, болушунча химикаттардан качып, нукура азыктарга көңүл буралы.
"Азия Ньюс" гезити