Акыркы кабарлар
» Саясат » Аида Салянова кайрадан “саясый капканга” кабылабы?
Аида Салянова кайрадан “саясый капканга” кабылабы?
31-январь, 09:00
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаарынын бир мандаттуу Свердлов округунан Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, коомдук иштерге аралашып, активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Билими, тажрыйбасы жагынан кеп жок. Каражаты деле жетиштүү. Эгерде шайлоодо алдын ала туура анализ жасап, үгүтчүлөрдү иштетүүнү жакшылап колго алса, ийгилик жылмайышы ажеп эмес. Бир мандаттуу округдардан аял талапкерлердин Жогорку Кеңешке келбегени белгилүү. Бул өңүттөн музду жармак. Бирок, соңку убакта Аида айым бийликтин айрым төбөлдөрүнө жакпай атканын эшиттик. Сыягы, саясый күрөштө кыйналып калчудай. Анан калса, эски иштерин кайрадан козгоо жагы да тар чөйрөдө талкууга алынып атыптыр. Кайрадан “капканга” түшөбү?..
"Азия Ньюс" гезити