Акыркы кабарлар
» Саясат » Жоопкерчиликке тартылабы? Ниязалиеванын айынан БШК шайлоону жокко чыгарды
Жоопкерчиликке тартылабы? Ниязалиеванын айынан БШК шайлоону жокко чыгарды
22-июнь, 13:43

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген кеп тегин жерден айтылбаптыр. Баарыбыз күбө болгондой, БШК Ленин округу боюнча шайлоону жокко чыгарды. Добуш сатып алуунун башында турган Дамира Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, бирок эмгиче жоопкерчиликке тартыла элек. Дал ушул талапкердин айынан мамлекет канча миллион сомго чыгым тартты? Эми күзгө карай кайрадан шайлоо жарыяланат. Карачы, бир адамдын бузукулугу, ыпластыгы үчүн канча түйшүк жаралууда? Тийешелүү күч органдары мыйзам алкагында иштин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Байлыкка манчыркаган Ниязалиева качып кете электе...
"Азия Ньюс" гезити