Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Абыкеев: "Бриллиант жыланымды" бекер окуп атасыңар, уялбайсыңарбы!

Чолпонбек Абыкеев: "Бриллиант жыланымды" бекер окуп атасыңар, уялбайсыңарбы!

04-май, 21:22
3 851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жазуучу Чолпонбек Абыкеев жазуучулар жөнүндө дарбыган сөзгө төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
"Кыскартып айтканда "Жазуучуларды мамлекет багышы керек"_ деген бир тарап, экинчиси "Жо-ок жазуучу кара жанын өзү багышы керек"- деген экинчи тарап болуп эки-үч күндөн бери кайым айтышып атышат. Эки тарабы тең өздөрүнүкүн бербей эрегишип алышкан.
 Чыгармачыл адамдар анан аларды ким багышы керек дегендин тарыхына бир кылчаялы. Көбү "Мамлекет багышы керек"- деген түшүнүк коммунистерден калган дешүүдө. Анын жалпы СССР аймагы боюнча алсак чындыгы бар. Ал эми Кыргыздарга келсек башкача. Өзүм билген эле фактыларды келтирейин. Кадимки Сагымбай Орозбаков манасчынын айылдашы болом. Атамдын айтканына караганда коммунистик заман келгиче деле Сагымбай үйүндө өмүрү чычкак улак кармаган эмес экен. Ошол кездеги эл жакшылары бөлүшүп алышап бири кийим кечесин бирлери тамак ашын, бирлери көчүрүп кондурмайды д.у.с. моюндарына алышып карашчу экен. Сагымбайдын боз үйүнүн тегереги мал баспагандыктан кайра журт которгуча деле жапжашыл болуп турчу экен. Атам бир жолу жаш кезинде Сагымбайды ээрчип Чүйгө келиптир. Чүй өрөнүн кыдырып Манас айтып жарым айча жүрүшкөн экен. "Ошол жарым айда Сагымбайга 8 жылкы жетелетишти. Бирок бирин да үйгө жетелеп келген жокпуз. Жолдо келатып эле сыртынан караганда начарыраак, тегерегинде мал жаны жок үй болсо ошолорго карматып берип жүрүп отурду"- деген. Кейпи атамды ошол берген малды жетелеттиргени жанына ээрчитип алса керек. Эми муну кыскартып жасып атам. Ошондо Сагымбайды ким баккан? Эмнеге аны анча эркелетип баккан? Манасын айтса өзүнө да. Тамак-ашы жок калабы, кийим кийбей калабы кимдин эмне иши бар? Тим коюшпайбы. Бүгүнкүлөрдүн түшүнүгү менен караганда, "Манас айтыш сага керекпи оокат жайыңды толуктап, жашооңду оңдоп ал да анан айта бер"- дешип өзүнө койбойбу. Кана кимиң кандай ойлойсуң? Ойлонуга мээ жетээр бекен? Ошол Сагымбайды кезектешип баккан байлардын бүгүн аты-жыттары да жок. Бирок Сагымбайдын Манасы турат бакыйып. Эгер эл ошентип бакпаса Сагымбай Сагымбай болот беле?
Манас калат беле? Кадимки "Сынган бугу" баш болгон нечен залкар күүлөрдү артында калтырган. Бирин да өзүмдүн күүм дебестен бүт черткенин элдин күүсү атаган жердешим Сейликан комузчуну да эл жакшылары так Сагымбайды баккандай багышчу экен. Ал жөнүндө өтө кызыктуу узак легендалар бар. Ар ким ар нерсе айтпасын деп мен өзүм жакшы билген жердештерим тууралуу гана кыскача айттым. Деги эле адамзаатка руханий азык болуучу бүгүнкүнүн тили менен айтканда классикалык чыгармаларды жаратуучулар ким үчүн керек?
Эми каражанды багууга келели. Туура коммунистер кыйрап жок болгондон кийин алардын идеологиялык куралы болгон чыгармачыл чөйрө кароосуз калышты. Бирок жашоо турмуш уланып келатат го. Мамлекетке иделогиянын кереги жок экен ар ким өз арабасын тартууда. Бийликтин босогосуна барып отуруп алып "Мени баккыла"- деген жазуучуларды көрө элекмин. Башканы эмес кайра эле өзүмдү мисал келтирейин бүгүнкү күнгө чейин чыкан ондогон чыгармаларымды жалаң өз каражатыма чыгардым. Кадимки "Бриллиант жылан" романым жалпы нускасы 110 миңден ашканда интернетке бекер окууга кое бердим. Азыр да интернеттеги эң окумдуу чыгарма. Ошондо орточо эсеп менен "Бриллиант жыланды" миллионго чукул окурман окуду. Мынчалык көп нускада кыргыз тилинде чыккан чыгарма жок. Байыса мен байыйт элем го. Туура бир аз пайдасын көрдүм. Бирок китептен пайда көрүп байыган жокмун. Себеби Кыргызстанда окурман аз. Элибиздин саны жок дегенде 30 миллион болгондо жакшы чыгарма жазып аны сатып, түшкөн пайдага жакшы жашашка болот эле.
Биздей саны аз эл руханий дүнүйөнү аздектеш үчүн, келечек муунга улуттук нарк насилди, тилибиздин байлыгын калтырыш үчүн өзүнө өзү кам көрүшү керек. Адам күнүгө үч маал тамак ичкен сыяктуу эле күн сайын руханий жактан туура азыктанышы керек -деп көп жаздым. Муну бүгүнкү өтө билимдүүлөргө караганда билимсиз тамга тааныбаган бирок руханий дүйнөсү таза, тунук акылдары бар менин илгээрки ата бабам жакшы түшүнгөн экен. Өтө билимдүүлөр дүйнөлүк алкактан кеп салышууда. Орус англис тилинде канча окурман бар бир ойлок койчу. Китебиңди кооз кылып чыгарып койсоң окубаса да карап көрөйүнчү деп алып кетсе өзүн актагыдай киреше түшөт.
 Армандуу дүйнө канча байлар, депутаттар,учурунда нечен чоң бийликте жүргөндөр дүйнөдөн өтүп атат. Кана кимисине Элмирбекке же Зайирбекке күйгөндөй карапайым эл күйдү эле? Баласагын кайсыл доордо жашап өттү эле? Аны менен мезгилдеш жашаган каган-хандардын, дүйнөсүн жер көтөрө албаган байлардын кимисинин атын билебиз?Колуңардагы Баласагындын "Кутудагы билиги" канча доорду басып сага жетти? Элмирбек менен Зайирбектин ырлары дагы канча доорду басаар экен?

Тим эле өз жанынан каражат чыгарып берип жаткансып "Жазуучуларды мамлекет багууга милдеттүү беле?"- деп түтөп алгандарга таң калам. Эгер өсүп өнүгүүнү каалаган элинин руханий азыктанышына кам көргөн мамлекет болобуз десек, жазуучу мамлекетке догун артып барбашы керек. Мамлекет жазуучуга догун артып келиши керек. "30 жыл болду. Китепканаларыбыздагы китептер жаныртылбай эскирди. Минтип отурса мамлекеттеги бүт китепканалар жакында окурман аттуу барбай жабылат. Жазган чыгармаңды уруксаат бер, жок дегенде 7-8 миң нуска кылып чыгарып китепканалар, окуу жайлар үчүн сатып алалы. Калем акынызга келишим менен баланча төлөп берели"- деп. Ошондо улуттун руханий байлыгын сакташат. Тилди сакташат. Депуттаттарың тилин чайнап оюн түшүндүрө албай тантыбай так туура сүйлөйт.
Эми кыскача чет өлкөдөгү китеп чыгаруу маселеси жөнүндө. Атактуу Габриэль Маркес "Сто лет одиночествасын" жазарда аялына айткан экен. "Бир чоң чыгарма жазайын дедим эле көр тирликтен убактым болбой жатат"- деп. Аялы Мерседес "Бүт ишиңди ташта да чыгармаңды жаса бер. Көр тирликти болсо мага кой"- дейт. Маркес чыгармага баш оту менен кирип кетет да үч жылга чукул ушул чыгарма менен отурат. Бүтүп басмаканага алпарганда биринчи калем акысына 8 миллионго алышат. Кубанып үйүнө келип аялына айтса Мерседес ыйлап жиберген экен. Көрсө Мерседес үч жыл боюу жан сактоого жалаң карыз ала берип үй жайын сатса да жетпегидей карызга батышыптыр. Бирок бирин да Маркеске билгизбептир. Маркес чарчаганда жумалап ойноп кетсе да жанына жетишээрлик каражат салып берип турчу экен. Маркес үч жыл эркелебесе дүйнөнү атагы дүнгүрөткөн роман жазылат беле? Ал ким үчүн жазылды? Мерседес үчүн элеби?
Өнүккөн чет өлкөлөрдө бай китеп басмалар бар. Андай китеп басмалар чоң бизнес кылышат. Алар керек болсо чыгармасы мыкты өткөн, жазганы окумдуу жазуучуларды ээлеп алышат да төбөлөрүнө көтөрүп багышат. Очойгон калем акы беришет. Бизде андай басмалар жок да. Болбойт дагы. Себеби окурмандарыбыздын саны өтө аз.
 Анча болду корогон убакыт, мээ агызган эмгекке токтололу. Ар бир жазылган ыр, чыгарма мындай айтканда силер кийген кийим, машина, ичкен тамагыңар картошка, эт, сыяктуу эле товар. Жазуучулар убакыт коротуп, мээсин эзип, жүрөгүн өрттөп өндүргөн товар. Болгону ал руханий товар. Аны силер үч маал тамак ичкендей, күн сайын кийим кийгендей урунуп атасыңар. Бекер алба. Бекер укпа. Төлө. Ал эми кандай төлөйсүң өз эркиң. Жаратмандар жараткан ырларды, күүлөрдү, чыгармаларды күн сайын мамлекеттин эсебинен теле,радио, интернет аркылуу бекер жыргап көрүп, угуп атасыңар. Сага бекер күндө ким бир тоголок картошка берип атат. Анда эмнеге сен жазуучунун товарын бекер пайдаланышың керек. Кулагыңды бүтө. Болбосо мамлекетке айт "Биздин салыктын эсебинен буларга бир нерсе төлөбөсөк болбойт го. Булар өндүргөн товарды бекер ала берип шермендебиз чыкты го"- деп. Маселен ЮТП дегениңерде, Жаныбек Жанызактын "Бекер китеп"- дегенинде, "Супер кейжиде" менин "Бриллиант жыланымды" бекер окуп атасыңар. Уялбайсыңарбы. Мен ал чыгарманы 4 жылга чукул көз майымды коротуп, мээмди агызып жазгам. 4 жылдык убактым, эмгегим кеткен. Ал менин өндүргөн товарым. Эмнеге бекер окушуңар керек? Элмирбек менен Зайирбектин канча ырын акыркы эле жумада канча жолу бекер уктуңар. Уялбайсыңарбы? Базарга барсаңар силерге бирө бир штук бадыраңды бекер береби? Кана ойлонгулачы жазуучуларга асылгандар. А-ай кайдан мындайды ойлонууга де
ңгээлинер жетээрине ишенбейм!?"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер