Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кылмыш ишинен кутулуп кетеби?

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кылмыш ишинен кутулуп кетеби?

11-январь, 23:51
1 801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн сурагына барбай, ар кайсы шылтоо менен амалданып атканы эмнени билдирет? Кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишинен качуубу? УКМК болсо Калиеванын тергөөнү тоготпой атканын расмий жарыя кылды. Аягы кандай бүтчүдөй?” деген суроону коомчулукта таанымал адамдарга берип көрдүк. 

Надира Нарматова, коомдук ишмер:

-- Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголуп, УКМК, прокуратура, ички иштер министрлиги тарабынан алдын ала кылмыш иштерин тактоо үчүн тергөөгө чакырылса, мыйзам чегинде расмий чакыруу (повестка) кагазы берилсе, анда эч кандай шылтоосуз, кынтыксыз келүү керектигин жакшы билсе керек. Атайын УКМКнын расмий чакыруусуна 1-2 жолу келбесе, мыйзам чегинде күч менен алып келүү талабын унутпаган чыгар. Чакырганда келбеген Кой-Таш окуясын эстеп койсо жакшы болмок. Эгерде күнөөсү жок болсо, тергөөгө келип, тактап, өзүн далилдеп албайбы? Күнөөсү жок болсо акталсын, бар болсо камалсын. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы. 

Экинчиден, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо, укук коргоо органдары, сот, прокуратура кызматкерлери мыйзамдуулукту сактап, ынтымакта иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүсү кажет. Калиева “тазамын” деп эсептесе, УКМК менен кызматташып, өз эркинде тергөөгө келгени абдан маанилүү. Ал эми кайсы бир деңгээлде өзүнө ишенбей турган болсо, анда ар түрдүү шылтоолорду ойлоп чыгып, жоопкерчиликтен качуунун аракетин жасайт. Жогорку соттун төрайымынын таасири баардык соттук иштерде болорун билебиз. 

Жогорудагы көрүнүш жөн эле митайымдык кылып, коомчулукту өзүнө бурган аракет го... Биз билгенден, кол алдындагы сотторго “жогору жактан звонок болду” деп, өлүм бар жерде адилетсиз чечим чыгарганга түздөн-түз көрсөтмө берген фактысы бар экенин башымдан өткөргөм. Калиеванын буйругун аткарып, креслосун сакташ үчүн бир эмес эки жолу утуп, өлүм бар жерде адилетсиз чечим чыгарган Камил Осмоналиев “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кармалды. Ошондуктан, Калиева мыйзам чегинде келбесе, мажбурлоо менен тергөөгө алып келүүгө УКМКнын укугу бар. Таза болсо эмнеге качат? Тергөөгө келип, жооп берип, актыгын аныктасын. Бөөдө жерден энелерди боздотуп, көз жашын төкпөш керек. Мамлекеттин казынасына кол салган сот болобу, чиновник болобу, эртели-кеч жооп берет. Кыйналып, карыз болуп, кредит алып жашаса да, бешене тер эмгек менен жашаганга эмне жетсин! Таба эмес, тооба кылдым. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген улуу сөз бар. 

Аманбол Бабакулов, жарандык активист: 

-- Бизде сот тармагы бийликтин үчүнчү бутагы катары эсептелет. Башмыйзамдын негизинде булар эч кимге баш ийбеген орган. Ошол эле учурда сот башы менен өзү тартип бузууларды, чектен чыгууну көздөп, расмий чакырыктарга барбай, тоготпой койгонду кандай жазалоо керек?.. Бул биздин эң чоң мүчүлүштүгүбүз. Соттордун кол тийбестигинен улам булар “көкөлөп” кетишкен, “вы никто!” дегендей. Ушинтип өздөрү мыйзамды сыйлабай турган болсо, мындай адамдарды эң ириде кызматынан ажыратып, андан кийин сот жообуна тартып, камаш керек. А негизинен, соттор өздөрү башкаларга баардык жагынан үлгү болушу кажет эле. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан андайды көрбөй атабыз. 

Урмат Акунов, жарандык активист: 

-- Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата УКМК кылмыш иши козгогонун, ал болсо тергөө сурагына келбей, ар кайсы шылтоолорду айтып, “мага кагаз келген жок” деп бир жерде айтып, дагы бир жерде “мен больничныйдамын. Эмне сурак, кайда, ким кылмыш ишин козгоптур?” дегени, биринчиден, бул соттун өзүм билемдиги, “колуңардан эмне келет?” дегендей моюн толгоосу, тоготпоосу. Ал эми экинчиси, шайлоо бүткөнгө чейин бул маселени чоюп туруусу, ар кыл шылтоолорду айтып, жоокалатуу оюндары ортодон чыгып туруусу дегендей эле кеп. А чын-чынында президенттик шайлоо бүтөрү менен бул шоу токтоп калат. Сотторго карата мындай маселелер көтөрүлбөйт. Ушул күндөрү соодалашуу жүрүп жатканын чала-бучук угуп калган жайым бар. Мүмкүн андай эместир... Убакыт бар, жакында баары ачыкка чыгат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер