Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » №1 “Биримдик” партиясы медициналык окуу жайлардагы бюджеттик орундарды көбөйтөт

№1 “Биримдик” партиясы медициналык окуу жайлардагы бюджеттик орундарды көбөйтөт

22-сентябрь, 16:47
499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КТРКда болгон теледебатта «Биримдик» партиясынан талапкер Аида Касымалиева «Биримдик» демократиялык социализм партиясы социалдык маселелерге, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көӊүл бурат» деп белгиледи.

Анын айтымында, ар бир адамдын саламаттыгы  бүтүндөй улуттун бакубатчылыгынын өбөлгөсү. “Саламаттык сактоо системасы да кыйратуучу процесстерге кабылганын коронавирус пандемиясы ачыкка чыгарды. Андыктан жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу маселелери абдан курч турат» деп белгиледи талапкер.

Ал медицина тармагын санариптештирүү туурасында айтып жатып, “сөздөн ишке өтүүгө жана конкреттүү пландарды ишке ашырууга мезгил жетти. Мисалга алсак, адегенде медиктердин айлык акысын жогорулатуу керек, андан соӊ адамдар онлайн түрүндө медиктердин иш-аракеттерине көз салып турушу үчүн ҮМБ жана медицина мекемелерине инновациялык технологиялар киргизилүүгө тийиш” дейт Касымалиева. 

Ал санэпидемкызматын толугу менен реформалоонун зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары, өз партиясынын атынан КР жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттеринде бюджеттик орундарды көбөйтүүнү сунуштады.  Анын сөзүнө караганда, партиянын артыкчылыктуу милдеттеринин катарында төмөндөгү милдеттер да турат:

-- бардык дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын импортердон, өндүрүшчүдөн керектөөчүгө чейинки электрондук эсеп-кысап системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;

-- медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттык сактоо тармагындагы коррупциялык тобокелчиликти төмөндөтүүгө багытталган жалпы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

-- калктын социалдык аярлуу катмары үчүн акысыз медициналык жардам системасы;

-- Кыргызстанда медициналык камсыздандырууну жеке топтом системасына которуу, ошондой эле жарандарга ММКФнан өздөрүнүн топтом эсептерин өздөрү тандаган менчик камсыздандыруу компанияларына которууга мүмкүнчүлүк берүү.


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер