Акыркы кабарлар
» Саясат » Азамат Ногойбаев кызматтан кетеби? Бишкек ШИИБге профессионал кадр керек
Азамат Ногойбаев кызматтан кетеби? Бишкек ШИИБге профессионал кадр керек
12-август, 09:00

Ушундай. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев ишин тарта албай калганына көп болду. Эптеп эле системанын шары менен сүйрөлүп келаткандай. Борбордо оор кылмыштар көбөйгөнү, коомдук-коопсуздук абал начарлаганы, милиция кызматкерлери байма-бай пара менен кармалып жатышканы, эл менен байланыш начарлаганы, айтор, айта берсе арман көп... Ногойбаев болсо “кычкыл суудан” шыңгытып коюп, бир туруп сахары көтөрүлүп кетип, кыскасы, ахвалы начарлап баратканын каңкуулашты. Мындай шартта ИИМдеги узун бойлуу, билимдүү, профессионал кадрды апкелүү зарыл. Кызганбайлы. А болбосо кырдаал чатагына айланып кетет...
"Азия Ньюс" гезити