Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер: “Жар-жар” ырын бир никелүү пакиза айым айтыш керек”


-- Анарбек ага, кыргыздын ата-бабадан келаткан баалуулуктары болгон нарк-насил, каада-салт, үрп-адаттарын кайсы учур болбосун даңазалап келесиз. Кечээ соцтармактарда желдей тараган кыргыздын кыз узатуудагы араб ырынын коштоосунда кызды меймандарга алып келүүсүн коомчулук ар кандай пикир жаратуу менен кабыл алды. Ушу боюнча сиздин ойду угалы дедим эле?
-- Садыр Нургожоевич Жапаров президент болуп шайлангандан бери бир далай жакшы жарлыктарга кол койду. Анын ичинде “улуттук нарк” боюнча да бар. Аш-той, майрам, ар кыл маараке, иш-чара өткөрүп атканда ушуну эстен чыгарбоо кажет. Кыргыздардын “тойдо кыз жоголот” дегенине шылтап, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген жакшы жорук эмес. Албетте, тойдо ар тилде ырдаса болот. Мейли орусча, мейли казакча, өзбекче ырдашсын, ал эми кыргыз журту, башка улуттуку болбогондон кийин “кыз узатуу” бир гана кыргызча ыр, кыргызча кийим жана кыргыздын салты менен болуш керек. Салт демекчи, “жар-жар” айтуунун эч бир кыйшайгыс эрежелери бар эмеспи. Бир никелүү, дагы да айтам бир никелүү кыргыз пакиза айымы айтып, жандайт. Илгери биздин жар-жар айткычтар бир күн мурун атайын тегирменге барып, 7 жолу кире беришке жүгүнүп, болочоктогу үй-бүлө жүгүн арта турган айымга алкоо айтып кирип, ал жерден бир табак ун алып, анан ошол унду жакшылыкка жоруп, “акжолтой болсун, артын бала басып, алдын мал бассын, токчулук, молчулук болсун” дешчү...











