Атамбаевдин психикалык саламаттыгы жайында болбой калса, эл аралык коомчулук не дейт?
Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын билдирди. Алардын маалыматына караганда, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт.
“2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Кызык эми башталчудай. Кокус Атамбаевдин психикалык саламаттыгы жайында болбой калса, анда Чымкоргонго дарылатууга жөнөтүшөбү? Ошондо справка алып, түрмөдөн чыгууга негиз түзүлөбү? Андай болсо эл аралык коомчулукка шылдың болбойбузбу? “Кыргызстанды жиндилер башкарса боло береби?” дегендей кепке калбайбызбы?.. Айтор, суроолор көп.
Береги 16 шектүү да текшерүүдөн өтсө, сыягы, эринбейт окшойбуз. Алар боюнча да маалымдайбыз.
Aryba.kg