Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Кадыров, оппозиционер: “Ак жерден камалып калганыма өкүнбөйм”

Кубанычбек Кадыров, оппозиционер: “Ак жерден камалып калганыма өкүнбөйм”

01-март, 23:06
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубаныч мырза, сиздер жаткан камера жылуубу? ТЭЦте жарылуу болгондо камактагылар үшүгөн жоксуздарбы?

-Камера орточо жылыйт. ТЭЦте жарылуу болгондо, Бишкек шаарынын тургундарындай эле үшүп, жылуу кийинип отурдук.

-- Сиздерде дагы эле бат-бат тинтүү болуп жатабы?

-Камераларды ички пландын негизинде бир аптанын төртүнчү күнү тинтүү кылышы керек. Бирок, кээде уктап жатканда түнкү 12-1лерде мыйзамды бузуу менен ЖАМК жана башка күч түзүмдөрүнүн катышуусунда тинтүү жүргүзгөн учурлар болот. Чынында мыйзам боюнча кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин тинтүү болбошу керек. Бул нерсе да Кыргызстанда мыйзам тандалма жол менен иштээринен кабар берет. 

-- СИЗОдо жатканыңызга бир жылдан ашып кетти. Соттун чечим чыгарар күнү жакындап калдыбы?

-Эми чындыгында жер-сууну коргоо кылмыш эмес. Бизди эл бузар катары күнөөлөгүдөй бир дагы далил табылган жок. Күчкө салып камап, саясый куугунтук кылып жатышат. Эгер айыптуу болгондо сот ачык өтмөк. Күнөөбүз жок үчүн сотту жабык өткөрүшүүдө. Биз ачык-айкындуулукту талап кылып, күнөөбүз болсо, эл-журтубуздун катышуусунда соттогула деп жатабыз. Тилекке каршы, эл чындыкты билип калуусунан коркушуп, жүрөктөрү түшүп, сотту жабык өткөрүп жатышат. 

-- Кемпир-Абад боюнча жыйынга катышып, ойдо жок жерден камалып калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

-Саясатка аралашканы жалаң элдин, мамлекеттин таламын талашып келатам. Каркыра Казакстанга берилбесин, Манас эл аралык аэропорту сатылбасын, Унгар-Тоо, Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбесин дегендердин катарында болдум. Кандай жагдай, оор мезгил жаралбасын, дагы деле калк кызыкчылыгын коргойм. Аны жарандык парзым катары эсептейм. Ак жерден камалып калганыма да өкүнбөйм. Жерди, сууну коргоо кылмыш эмес

-Кемпир-Абадга каршы чыккандарга чет өлкөдөн эбегейсиз чоң сумма келди деген да маалыматтар желдей тараган. Кандай дейсиз?

-Мен элге бүлүк салуу үчүн акча алмак турсун, кызматта турганда дагы эч бир коррупцияга аралашкан эмесмин...

 Сегиз айдан бери сот процесстери баштала элек. Анткени, биз алардын мыйзамсыз иш аракеттерине жол бербей жатабыз. Арабызда дасыккан юристтер жана мыйзамды мыкты билгендер бар үчүн андай эмес, мындай туура” деп өз чындыгыбызды айтып, таламыбызды талашып жатабыз. Биз тараптан бир дагы мыйзам бузуу болгон жок. Биздин ак жерден камалып, себепсиз түрмөдө жатканыбызга мезгили келгенде тарых өз баасын берет. 

-- “Кемпир-Абадга каршы пикир айткандардын чын эле элди көтөрүү, бийликке карата тукуруу планы болгон деген маалыматтар да айтылды. Мунун чындыгы барбы?

-Кемпир-Абад боюнча каршы чыгып, атуулдук милдетин аткаргандардын биринин да элди бийликке каршы тукуруп, басып алуу тууралуу эч кандай планы болгон эмес. Бизди канча каралашса да, бир дагы курал-жарак, бийликти басып алууга аракет, план, дегеле акча тууралуу далилдерди табышкан жок. Алар каратып туруп жалган айтышты. Калптын казаны кайнабайт дейт кыргызда. Бизди элге жек көрсөткөнгө канчалык аракет кылышпасын, Кудай буюрган күнү жеңиш менен чыгабыз! Ал күндөр алыс эмес. 

-- Сиздин адвокатыңыз Акин Токталиевдин лицензиясын сот эмнеге жокко чыгарууда?

-- Акин Токталиев Кыргызстандагы эң таза, күчтүү, мыйзамды жакшы билген адвокаттардын бири. Бирок, сот “лицензиясы жок” деди. Акин Токталиев менин лицензиям жок экенин далилдесин деп укуктук талаада күрөшүп, соттун айтканы жалган экенин далилдейм деп аракет кылууда. 


P.S. Президенттин дарегине айтылган сөздөр кыскартылып берилди. 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер