Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Меш жакканга тыюу салыш үчүн адегенде элге газ киргизип берели”

-- Кубанычбек мырза, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына ылайык, Бишкек кайрадан абасы эң булганган он шаардын катарына кирип калыптыр. Сиздин оюңузча, шаардагы ыш маселесин кантип чечсе болот?
-- Биз “Газпром” компаниясы менен башында алака түзүп, макулдашууга кол коюп жатканда, алар “биздин өлкөнүн ичин газдаштырып беребиз” деп милдеттенме алышкан. Биз ошол келишимдин негизинде жаңы конуштарды газ менен жылытууга өткөрүшүбүз керек. Ошондо абанын булганышы азаят. Бирок, бул жерде бир маселе бар, “Газпром” түтүктөрдү үйгө чейин тартып келип бергени менен макулдашууга ылайык, ар бир тургун аны короосуна алып кирүүгө тийиш. Бул болсо абдан кымбат да. Ошондуктан, мамлекет тарабынан арзандатылган кредит берилеби, же ссудабы, элге газ түтүктөрүн киргизүүгө шарт түзүү зарыл. Ошондо гана шаарыбызда ыш маселеси азаят деп ойлойм.
-- Бирок, шаардын абасын булгаган жалгыз эле мештен чыккан түтүн эмес да. Жүздөгөн, миңдеген машиналар уулуу газдарды чыгарышууда...
-- “Медалдын эки бети бар” дегендей, “ыштан арылабыз” деп машинанын баарын токтотуп сала албайбыз да. “Маршруткаларды токтотуп, тыгынды жоготобуз” деп атып, азыр автобустар андан да чоң тыгын жаратып жатпайбы. Биз али Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн деңгээлине жете элекпиз. Канчалык экологияны айтканыбыз менен баары бир транспортту колдонууга туура келет.
-- Бир кесиптешиңиз “шаардыктарга меш жакканга тыюу салыш керек” дегендей сунуш айтты. Сиз буга кандай карайсыз?
-- Машинаны “кызыл чырактан өтүп кеттиң” деп күнөөлөш үчүн адегенде жолдо светофор болуш керек да. Анан светофор жок туруп эле “сен кызыл күйүп турганда өтүп кеттиң” деп доомат койгон туура эмес. Андыктан, мешке тыюу салыш үчүн адегенде элге шарт түзүп бериш керек. Шаарды туташ газдаштыруу зарыл.
"Азия Ньюс" гезити