Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек Коргонбай уулу: “Азык-түлүктүн 90 пайызын өзүбүз өндүрө албай, миңдеген гектар жерлерибиз иштелбей жатат”

Жусупбек Коргонбай уулу: “Азык-түлүктүн 90 пайызын өзүбүз өндүрө албай, миңдеген гектар жерлерибиз иштелбей жатат”

15-октябрь, 12:00
357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жусупбек мырза, эл өкүлдөрүнүн ичинен шаар базарын кыдыргандар чанда кезигет...

-- Ош базарына таңда, күн чыга электе, болжол менен саат 6 менен 7нин ортосунда бардым. Атайын жөө чыгып, карапайым эл кандай тирлик өткөрүп атат, соода-сатыгы ойдогудайбы, товарлар арзанбы же кымбатпы, анын ичинде азык-түлүктүн акыбалы кантип атат (?) деген максатта кыдырып чыктым. Анын арасында калкка эң бир керектүү, ар күн сайын колдонулуучу азыктардан нан, чай, суумай, макарон, эт жана башкалардын баасы канча болуп атканынан кабар алдым. Бир четинен нандын түркүн түрлөрү, ошого жараша ар кандай сорттогу, аталыштагы токочтордун жыйылып турганы купулума толду. Токчулуктун белгиси катары сыпаттадым. Экинчи маселе...

-- Ошо экинчи маселесин айтыңыз, опурталдуубу?

-- Эми кандай десем, ошо сиз айткан опурталдуу жагы бар. Биздин мамлекет агрардык мамлекет. Азык-түлүк продукцияларынын 90 пайызын өзүбүз өндүрүшүбүз керек болчу. Тилекке каршы, миңдеген гектар жерлерибиз иштелбей жатат. Сууларыбызды өзүбүз колдонбостон башка мамлекетке агылууда. Ал мамлекеттер өнүгүп-өсүүнүн жолунда. Агрардык жактан кыйла эле аксап атабыз. Ушу жагы опурталдуу болуп аткансыйт... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер