Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гареев атындагы ботаникалык бактын чуу жараткан жаңылыктары

Гареев атындагы ботаникалык бактын чуу жараткан жаңылыктары

06-апрель, 19:54
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ордо калаанын Ахунбаев менен Алматы көчөсү кесилген жерден жогору жайгашкан Гареев атындагы ботаникалык багында тирукмуштуу жаңылык болуп атканы бизге жетти. 
Убагында ботаникалык бак боюнча биздин гезит “ат тезегин кургатпай” тынымы жок жазып келгенбиз. “Ким кимдин арыгын чаап, кайсы адамдын кызыкчылыгын коргоп атат?” сыяктуу “көшөгө” артындагы “Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?” оюндары жана анын мамлекетке келтирген кесепеттери, зыяндары, ийне-жибине чейин тааныш эле. Ал учурда ийгиликтерин кубаттаган да күндөр болгон. 
Эми учурдагыга келели. 2023-жылы август айында шайланган жаңы директор болушунча чалмакейди чалып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегенге жандалбас уруп атабы? Эмнеге ботаникалык бактын ички мыйзамы, эрежеси болгон уставын түп-тамырынан бери өзгөртүп, киши тааныгыс кылып салган? Бул устав боюнча жаңы директор “каалаганымды жумушка алам да, каалаганымды жумуштан айдайм. Өзүм хан, өзүм бий!” дегендей жазып, анан иш алпарып атабы? Жаралып аткан копол маселелерди ошол жерде өмүр бою иштеп келген илимдин кандидаты ж.б. адисттер “мындай болбойт, биздин ботаникалык бакта окумуштуулар кеңешин жойбоңуз, уставды кайра карап чыгалы” деген ойлорун бир нече жолу айтып кайрылып көрүшкөн. Жадагалса “Слово Кыргызстана” гезитине да жарык көргөн. А жыйынтыгында эмне болду? Сын пикирди туура кабыл алып, тийешелүү чара көрүлдүбү? Анын ордуна ошол эле басылмага директорду болушунча Апенди кызын мактагандай, айга-күнгө теңдешсиз кылып жооп кайтарып койгон. Анын канчасы чын, канчасы “жел козу” экенин жана жакынкы күндө “эки абысындын айтышын” тараза ташына салганы турабыз. Дегенибиз, кийинки санда баардык жаралган маселеге баа бергенге аракет кылабыз.
Сурат Жылкычиев,
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер