Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: “Президентти айланасындагы адамдар туңгуюкка кептешти...”

Аликбек Жекшенкулов: “Президентти айланасындагы адамдар туңгуюкка кептешти...”

25-октябрь, 20:37
2 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып, сизди да ала жыгылды. “Ишенимден кетти” деген жарлыгын окудук. Коомчулук түшүнбөгөн боюнча калды. Пикириңиз кандай?

-- Биринчиден, бүгүнкү күнгө чейин элчилик кызматты аркалаганыма бир жыл тогуз ай болуптур. Сооронбай Шариповичке негизинен ыраазымын, мага мүмкүнчүлүк берди. Эл үчүн кызмат кылдым. Экинчиден, ошол указдын чыгышы мага күтүүсүз болду. Таңгалдым. 

-- Андан бери убакыт өттү. Себептерин чечмелеп көрдүңүзбү?

-- Тышкы иштер министрлигине бардым. Тааныштым. Жашыруун түрдө шашылыш кагаз жазылыптыр. Дилетанттык маселелер коюлганы күлкү келерлик... Негизинен указ чыгаруу, качан дайындайт, кетиреби, ал президенттик укугу. Бирок, себеп болушу керек. А мага коюлган “айыптоосуна” макул эмесмин. Жөн эле кызматтан кетирсе түшүнөт элем. Жанагыдай “ишенимден чыкты” дегени кандай? Албетте, абийир, ар-намысымды коргошум керек. Ошон үчүн сага интервью берүүнү чечтим. 

-- 27-29-августта сиз тарабынан орус бийлигине нота берилип, ишке ашпай калганына түшүндүрмө бере кетсеңиз?

-- Нота берүү элчинин укугу. Оперативдүү дипломатиялык иш. Өткөн 24-июнда президент Кызыл аянтка кирбей калбадыбы? Тегерегиндегилер күнөөлүү. Себептери бар. Убакыт келгенде айтам... Ошондон кийин кетип атканда Владимир Владимирович Путин менен Сооронбай Шариповичтин телефондон сүйлөшүүсүн уюштурдум. Аэропорттон. Анткени, менин да ичим күйүп калды, бул жерде Кыргызстандын аброю турат да. Өлкөбүздүн президенти келип, чоң салтанаттын сыртынан эле кетип атса, элестет... Сүйлөшүүнү уюштурганда, эки мамлекет башчынын ортосунда сөз болгон, жакынкы арада кайрадан Сооронбай Шарипович Москвага келүү боюнча. Президент мага “тезирээк уюштуруу керек” деп тапшырма берди. Бул экөөбүздүн ортобуздагы сөз эле. Мен августтун ичинде Кремлге тийешелүү адамдар менен бейформал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп (этика жагынан аттары айтылбайт), визитти жасоо боюнча аракет кылдым. Алар нота берүүмдү, негиз керек экенин айтышты. Айрымдар “утечка болду” деп мыскылдаганга жетишиптир. (ТИМден же президенттик аппараттан сөз чыгып). Чындыгында андай мүмкүн эмес. Тилекке каршы, Путиндин графиги болбой, 27-29-августтагы жолугушуу ишке ашпай калды. Түшүндүрөйүн. Элестетип көрсөк, диломатия океандагы айсбергдей, суунун үстүндө чакан көрүнгөнү менен ылдый жагы эбегейсиз чоң, түптүү, бирок көрүнбөйт... Кыргызча айтканда, бул багытта көшөгөнүн артында көп маселелер чечилет эмеспи. Мына ушундай сүйлөшүү менен нота берилген. Эми болбой калды, ага маани берүүнүн канчалык кажети бар эле? Биз аракет кылдык, ишке ашпай калганы башка маселе. Эгерде мен туура эмес маалымат берип, же улуттун кызыкчылыгын сатып, орой жаңылыштык кетирсем бир жөн. Бирок, жогорудагы демилгебизди интерпретация кылып, коомчулукка бурмалап чыгаруу арзыбаган сөз.

-- Армениядагы ЕАЭБдин жыйынына барганыңызга түшүндүрмө берсеңиз? Ушул өңүттөн да эки ача пикирлер жаралды го?

-- Россиянын, Армениянын тышкы иштер министрлери Кыргызстандагы чаң-тополоңду айтышып, мага ЕАЭБдин жыйынына катышуу сунушун беришкен. Элчи катары кол койгонго, сүйлөгөнгө укугум жок экенин билдиргем. Ал эми жөн гана катышууга милдеттүүмүн. Ошол боюнча сүйлөшкөнбүз. Биздин тышкы иштер министрлигине кат жазып, жооп ала албай койдум. Мен Армениядагы элчи катары ал жерде болуум маанилүү эле. Себеби, Кыргызстандын желеги желбиреп турушу керек да. Эгер барбай койсом, өлкөбүздүн аброю дагы бурмаланып, эл аралык коомчулукка жаманатты болмокпуз. Мен Россиянын өкмөтүнүн самолету менен Арменияга учуп бардым. Кечинде гана Бишкектен министр каршы болуп атканын айтышты. Мен вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге чалдым. Жагдайды түшүндүрдүм. Эгер мен өзүмдүн милдеттериме каршы болсом, жыйынга катышпай койсом, эртең кантип иштейм? Кыргызстанда бийлик алмашып, башаламандык болуп атса, президенттик аппарат же өкмөт жок болсо, тышкы иштер министри да дайынсыз кетсе, эң кур дегенде элчинин туруп берүүсү маанилүү эле. Булар ушул боюнча президентке тескери кат жазышып, чыккынчылык катары баалап атышпайбы. Буга эмне дейсиң? Сөз да жок. 

-- Коронавируска каршы күрөшүүдө ашыкча чыгым келтиргениңиз боюнча да жазып чыгышты. Кандай дейсиз?

-- Пандемия убагында өкмөттүн токтому боюнча тышкы иштер министрлиги дистанциялык аралыкты сактоо жөнүндө кат жазган. Шартка жараша кызматкерлерибиз иштеди. “Жумушта жок болсо да айлык төлөп берип атат” деп кайра өздөрү “айыптап” чыгышканы эч түшүнүксүз. Эми ушул сыяктуу дипломатиянын эрежелерине сыйбаган майда сөздөрдү чыгарып келишти...

-- Сооронбай Жээнбеков менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз? 

-- 7-октябрда сүйлөштүм. Орус тараптан мага чыгышып, Кремлден биздин президент менен сүйлөшүү боло турганын айтышты. Мен жардамчысына чыксам, телефонду Сооронбай Шариповичке бере койду. “Кремлден сиз менен сүйлөшкөнү жатат” дедим. “Чынбы?” деп толкунданды. Мен жакшы ниеттеримди билдирип, баарлаштык. “Кудай сени колдосун!” деди. Ошол. Андан соң 16-октябрда мени жумуштан алып салганын угуп атпайымбы...

-- Анда сиз Кремль менен сүйлөштүрүп, Дмитрий Козактын келгенине себепкер болгон турбайсызбы. Учурда президентке айта турган кандай сөзүңүз бар?

-- Албетте, сөз бар. Сооронбай Шарипович, сизге рахмат! Мага башында ишенип, элчи кылып дайындадыңыз. Мен чын дилим менен элибизге, мамлекетибизге кызмат өтөөгө аракет кылдым. Эч кимди саткан жокмун... Бирок, айланаңыздагы жан-жөөкөрлөр сизди туңгуюкка кептешти, подставить этишти. Акыркы жолу Сочиден жолукканыбызда, жаныңыздагы адамдардын түшүнүксүз аракеттерин айткам. “Мен эч кимди укпайм” дегенсиз. Натыйжада, чындык чыгып атат. Ошолорду угуптурсуз. Мени жамандап жүргөндөр сизди дүйнөлүк коомчулук астында уят кылышты... Сизге менин эч кандай таарынычым жок, капа болбойм. Ден соолук, аманчылык, жакшылыктарды каалайм. 

-- Менин баамымда, элдин арасында аброюңуз өсүп баратканынан Чыңгыз Айдарбеков, Досалы Эсеналиев, Данияр Сыдыков, Алмаз Кененбаевдер ичтарлык, көралбастык кылышып, пас аракеттерге барышканы саясый чөйрөдө айтылып атат... Кандай чечмелейсиз?

-- Мен чечмелебей эле коёюн. Алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Баарын Кудай таразалайт...

-- Ушул ыңгайдан пайдаланып, интернет айдыңында атайын топ сизди майда каралоого алышканын байкадым...

-- Аслан, билесиң да. Убагында мени киши өлтүргүч, рейдер, айтор, түшкө кирбеген кара пиарга алышкан... Азыркы учурда биз келечекти ойлоп, коомду жакшы жагына өзгөртүүгө, моралдык атмосфераны тазалоого барбасак, кыйын абалдан чыга албайбыз.

-- Баса, өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларын Россиядагы мигранттар колдошпой, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстанды” сүрөшкөнүнө күбө болдук. Элдин эркине коюп, техникалык гана камсыздоону карап бердиңиздерби? Ушул жагын эске алганда, сизге карата каршылык көрсөтүүнүн “уюткусу” жаткан жокпу?.. 

-- Мен мамлекеттин кызыкчылыгын жана акыйкатты көздөгөн адам катары иштедим. Мындан аркы ниетим да ошондой...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер