Акыркы кабарлар
» Саясат » ИИМдин эң абройлуу жетекчиси – Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңишбек Абитов
ИИМдин эң абройлуу жетекчиси – Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңишбек Абитов
22-декабрь, 23:06

Фейсбукта ИИМдин ОИИБ, ШИИБ начальниктерине карата добуш берүү жүрүп, мыкты жетекчи тандалды. Дээрлик он миңге чукул колдоочусу менен Жалал-Абаддын башкы милициясы Жеңишбек Абитов алдыга суурулуп чыгып, жогорку рейтингин далилдеди. Албетте, мындай көрсөткүч ИИМге карата ишеним жаралганын, Жеңиш мырзанын аброю бийик экенин тастыктайт. Өздүк курамга жана эл кыйырына эмгеги өтсө, акыбети кайтканы ушул да. Кудай буюрса, аша турган ашуулар, келечек дагы алдыда. Ийгилик жылоолой берсин, урматтуу полковник!
Эске сала кетсек, экинчи орунду Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов камсыздады. Ал тогуз миңден ашык добуш топтой алган. Бул да оңой көрсөткүч эмес.
"Азия Ньюс" гезити