Өмүрзак Төлөбеков: “Атамбаев менен Жээнбековдун элди “дүң” кылган интригалары кинодо баяндалат”


-- Өмүрзак мырза, басма сөздөрдө жана соцтармактарда сиз мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлик талаш окуяларын чагылткан тасма тартууга белсенгениңиз тууралуу маалымат тарады. Мындан 10 жыл мурда кыргыз коомчулугун “Президент жана бомж” тасмасы менен чуу түшүрдүңүз эле. Андан кийин “Президент жана бомж–2-3”, орус киножылдыздары Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Лев Прыгунов, Бари Алибасов катышкан “Москва сүйүүсү”, Кыргызстан, Казакстанда тартылган “Миллионердин сүйүүсү”, ошол убактагы бийлик чыгарбай, кийин Ютубдан тараган “Төңкөрүш” көркөм тасмалары менен көрөрман журтчулугуна жакшы маалымсыз. Былтыртан бери “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы менен коомчулукта катуу ызы-чуу жараттыңыз. Тасмаңыз элге толук тартуулана электе дагы бир көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кино баштаптырсыз, “Семетейди” кыргыз көрөрмандары качан көрөрүн билдирип. Саясый жаңы фильм тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? Анда кайсы учурлар, кандай окуялар камтылат?
-- «Манастын уулу Семетей» тасмабыз тартылып бүтүп, аны Түркия, Россия кино прокатчыларына көрсөтүп, талкуулап, Стамбулда, Москвада жүрөбүз. Иран, Кытай киночулары менен кызматташып атабыз. Кудай буюрса, бир топ өлкөлөрдүн кино адистери менен макулдашып, болжолу сентябрь айынын аягында коомчулукка тартуулайлы деп турабыз.
Буга чейин “Семетейден” кийин “Сейтекти” тартууну болжоп жүргөм. Эпосту киного айлантуудагы ызы-чуудан улам ортодо “Сынган кылыч” боюнча кино тартуу мерчемделип, романды сценарийге ылайыктап изилдеп чыктык. Бийлик менен иши жок, кой кайтарып жай тирилик өткөргөн, хан тукуму эсептелген Шералыны Нүзүп бий Коконго алпарып такка отургузуп, өзү Аталык катары башчылык кылганы, Шералы акырындап бийликти колго алып, кош тизгинчи Нүзүптү өлтүртүп салганы, Кокон хандарынын улам алмаштырылышы, деги эле бийликтин, так талаштын опурталдуулугу, ал атамзамандан келаткан адамзаттык улуу күрөш экендиги, биздин кезеңде президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун элди “дүң” кылган зор интригалуу окуялары, Кыргызстандагы бийлик алмашуулар элибиз жана тарыхыбыз үчүн кызыктуу кино болору ойго салды. Баары баяндалат...
Мындай бийлик интригалары, конфликттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жолугат. Мисалы, кошуна Казакстанда Назарбаев бийликке алып келген Токаевдин башкаруусу убагында Нурсултан Абишович да айыпталып, айкелдери кулатылып, парктарга жана башка орундарга коюлган ысымдары жокко чыгарылып, бир туугандарынын асты камалып, жакындары кызматтардан, каржы булактарынан четтетилип, чет өлкөлөргө качууга аргасыз болушту.
Атамбаев бийликти Жээнбековго өткөрүп, көп өтпөй экөөнүн ортосунда бийлик, таасир, балким, каржы булагын да талаш башталганы элди катуу дүргүттү. Бара-бара экөөнүн ортосунда күрөш күчөп, кагылыш президент Жээнбеков мурдагы шефи Атамбаевди түрмөгө отургузуусу менен аяктады. Коомчулук бул окуяларга дыкат көз салып, кызуу талкуулады. Көптөрү “Президент жана бомж-4” кылып АША менен Сокени тартпайсыңарбы?!” деп сунуштап келишкен. Кыргыз мамлекетинин бийлик сересиндеги мындай маанилүү таржымалдан улам, деги эле бийлик алмашуулар, алардын кыргыз элине тийгизген таасирлери тууралуу тасмага белсендик.
-- Башкы каармандар Атамбаев менен Жээнбеков болсо, алардын айланасындагы таасирлүү фигуралар тууралуу, алардын саясый турмуштагы ордулары, жасаган иштери тууралуу да баяндалабы?
-- “Вазир жакшы – хан жакшы”, “Башчыны тегереги бузат, же көтөрөт” делинет эмеспи. Таасирдүү саясатчылар Икрам Илмиянов, Асылбек Жээнбеков, Райым Матраимов, Сапар Исаков, президенттик шайлоодо Жээнбековго башкы атаандаш болгон Өмүрбек Бабанов сыяктуу кызыктуу персонаждар болмокчу...
-- Атамбаевдин да, Жээнбековдун да колдоочулары калың. АШАнын артыкчылыктарын көрсөтсөңүз Сокенин жактоочулары, тескерисинче, Жээнбековдукун туура десеңиз атамбаевчилер нааразы болуп, эки оттун ортосунда калбайсызбы?!
-- Эл ичинде айрымдар “Соке Атамбаевдин жакшылыгын унутуп, сатып кетти” дешсе, кээ бирлери “Атамбаевдин коррупцияларын жашырса, Сокенин өзүнө муш болмок, ал досунан чындыкты жогору койду” дешет. Атамбаев менен Жээнбеков бийлик жүргүзгөн мезгилде биз саясаттан алыс, чыгармачылык жаатта жүрдүк. Демек, эч кимисине жан тартпай, алардын саясый ишмерликтерине калыс, объективдүү баа берилет. Бул – көркөм чыгармачылыктын жана улуу тарыхтын өктөм талабы. Анүстүнө автордук баянга басым жасалбай, негизги урунттуу окуялар каармандардын көз караштары, иш-аракеттери аркылуу баяндалат.
-- Атамбаев бийликти Жээнбековго өткөргөнү, түрмөгө түшкөнү чагылдырылат экен, тасмадагы окуя каерден бүтөт?
-- Чыгармачылык такай изденүүнү талап кылат. Кээде тасманы тартып атып, сценарийге кошумча-алымчалар жасала берет. Азырынча болжол менен негизги окуя бийлик Сооронбай Жээнбековдон Садыр Жапаровго өтүшү – 2020-жылдын октябрь революциясы тарыхый чоң окуя менен жыйынтыкталат.
-- Жалаң бийлик интригаларын чагылткан саясый кино болот экен да?
-- Буюрса, бийликтин жогорку баскычындагы интригалар менен чектелбей, ошол жылдарда Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү тарыхый окуялар, элдин күрү-күү түшкөн албан турмушу, адамдардын типтүү тагдырлары, кайгы-кубанычтары, сүйүү-күйүүлөрү кошо чагылдырылган тарыхый тасма болмокчу.










