Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек ИМАНАЛИЕВ, “Имарат строй” курулуш компаниясынын президенти: “Бизнесин коргоо үчүн депутат болушат” дешет, менде андай зарылчылык жок”

Бейшенбек ИМАНАЛИЕВ, “Имарат строй” курулуш компаниясынын президенти: “Бизнесин коргоо үчүн депутат болушат” дешет, менде андай зарылчылык жок”

14-октябрь, 13:09
1 041 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бейшенбек Султанович, сизди кыргыз тилинин күйөрманы катары билебиз. Мамлекеттик тилибиздин бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?

-- Кандай дегенибиз менен кыргыз тилинин акыбалы 90-жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшы. Жакшы дегеним, Жогорку Кеңеште, өкмөттө ж.б. жерлерде иш кагаздары кыргыз тилинде жүрүп, жыйындар кыргыз тилинде өтүп калды. Бирок, буга чейин деле кыргыз тилинин абалы начар болгон жок. 90-жылдарга чейин Коммунисттик партиянын жардамы менен кыргыз тили адабияттык тилге айланып, жакшы эле өсүшкө ээ болуп келген. Ошентсе да биз сыяктуу СССРден бөлүнүп чыккан башка мамлекеттердин улуттук тилине болгон мамиле менен кыргыз мамлекеттик тилине болгон мамилени салыштыруу мүмкүн эмес. Башкалар эне тилин билбегендикти ушунчалык уят иш катары кабылдашат. Бизде андай эмес. Менимче, кыргыз тилинин өз деңгээлинде өнүкпөй жатканы биринчиден, элибиздин менталитетинен да көз каранды болсо керек. Улуу-кичүүбүз улуттук тил менен сыймыктана албайбыз, ардактабайбыз. Албетте, бул “кыргыз тилин гана бил, башка тилдерди билүү маанилүү эмес” дегендик эмес. Орус тилин билмейин, биз эч жакка бара албайбыз. Башка тилдерди да билип алганыбыз ашыкча болбойт. Ушул салыштыруулардан улам, 30 жылдык тарыхы бар улуттук тилибиздин бүгүнкү акыбалына анчалык ичим чыкпай келет. Тил катары келечегине да бушайман болом.  

-- Жок болуп кетчү тилдердин катарына кошосузбу?

-- Жок болуп кетпейт го. Кыргыздар 50 же 100 миң эл эмеспиз да. Кыргыз тили жоголбойт. Башка тилдер менен аралашып отуруп, көпкө чейин жашайт. Бирок, таза кандуу мамлекеттик деңгээлдеги ролун аткара албайт. 

-- Сизди профессионал ырчылардан кем эмес ырдайт дешет. Чоң сахнада ырдабай калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

-- Бала курагымда турмуш-шарт башка болчу. Апам 5-6 бала төрөгөн аял, үйдө балдарды чоңойтуп, оокаттан башы чыкчу эмес. Шырдак жөрмөп атып, төшөк көктөп атып, айтор, жумуш үстүндө эле кыңылдап жакшы ырларды ырдай берер эле. Балким, ошондон кулакка сиңип, бара-бара ырдап калгандырмын. Байкап көрсөм, ырдай алат экенмин. Сахнага деле ырдап чыккан жокмун. Отуруштук деңгээлде достордун, туугандардын арасында ырдап койгондой шыгым бар. Атайын өзүм үчүн 5-6 ыр ырдап жаздырып алгам. Текстти жатташ инженер адамдарына кыйын экен. Заматта жаттайм, бат эле унутуп калам. Ырдай турган ырымды колума жазып алып, кагаз кармап алып ырдайм кээде. Ырдаганым менен профессионалдык деңгээлге жетиш кыйын го.

-- Азыр бутунан турган эле адам көп кабаттуу үй сала баштагандай сезилет. Курулуштагы "бум" сиздин пикириңизде бизге эмне берди?

-- Каалайбызбы-каалабайбызбы, Кыргызстанда эки революцияны эске албаганда, тынчтык өкүм сүрүп келатат. Тынчтык болгон жерде сөзсүз түрдө өсүп-өнүгүү болот, демографиялык, экономикалык жактан өсүш болот. Демократия агымы жаңыдан келе баштаган кезде кандай турмуш-шартта жашачу элек? Шаарда бирин-серин гана машинелер жүрчү. Азыр деле “баарынын жашоосу бир кылка жакшырды” деп айта албайбыз. Бирок, эмне деген чет элдик машинелерди минип, чет элдик кийимдерди кийип калдык. Жылдан-жылга өсүш бар. Демек, эл заманбап үйлөрдү куруп жашагысы келет. Үйлөнүп-жайланышып, үй-бүлөлөр чоңоюшат. Там салганга, батир алганга зарылдык талап пайда болот. 

Ал эми акчасы бар адам көп кабаттуу үйлөрдү сала баштаганы – бизнес, акчасын айлантуу, оокат-тиричилик кылуу. Бирок, көпчүлүгү “көп кабаттуу там курсак эле асмандан акча түшүп, байып кетебиз” деп ойлошот. Андай эмес, бул эбегейсиз татаал иш. Курулуштун да өзүнчө мыйзамдары бар. Профессионалдык көз караш менен карап, курулуш нормаларына жана ченемдерине ылайык курбасаң болбойт. Акчасы бар болуп, курулуш инженерлерин, прорабдарды жалдап алып куруп аткан фирмалар көп. Бизге окшоп жетекчилери, ээлери профессионал курулушчулар да бар. Ким курбасын, мамлекеттик органдар сапатты текшерип турушат. Өзүбүз курганыбыздын жакшы жагы көп. Эгер учурунда союздун жардамы мемен курулуш инженерлерин, прорабдарды даярдабаганда, өзүбүз курганды билбегенде, балким бизге Иран, Түркия, же Кытайга окшогондор келип үйлөрүбүздү курушса, анда батирлер азыркыдан да эки эсе кымбат болмок. 

-- Өзүңүздүн алгачкы курулушуңузду эстесеңиз...

-- Өзүм институтту бүткөндөн баштап эле курулушта жүрөм. Бир нече жылдар райондун курулушун курдук. Ошол жактан өстүк, өндүк. 5-6 жыл прораб болуп иштедим, 5 жыл мекеменин башкы инженери, экинчи жетекчиси болуп иштедим, 8 жыл жетекчи болдум. Анан Кочкордо курулуштун баары токтоп, заказдар болбой калгандан кийин мекемесин өткөрүп берип, борборго жакшы турмуш издеп келип калганбыз. Курулушту билген киши катары өзүмдүн фирмамды түзүп, 10 жылдан ашык убакыт бою ашып кетсе 3-4 кабаттуу үйлөрдү, объектилерди куруп жүрүп, акырындык менен көп кабаттууларды курууга өттүк. 

-- Сиз өзүңүз курган үйлөргө канчалык кепилдик бере аласыз?

-- Мен өзүмдү мактагандай, башкаларды жамандагандай болбоюн, бирок биз коммунисттик партиядан, советтер союзунан тарбия алып калбадыкпы. Тартипти жана сапатты эң башкы орунга коёбуз. Демек, советтик норма менен иштеп келебиз. Курулуш боюнча кандай талап-нормалар коюлган болсо, бизде ошонун баары сакталат. Сапаттуу, конструкциясы бекем, 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берген там курабыз. Биз ошого кепилдик бере алабыз. 

-- Ашынган динчилдер, ошол эле учурда “Кудай жок, эч кандай диндин да кереги жок” дегендер чыкты. Дин маселесине сиздин оюңуз кандай?

-- Соцтармактарда ушул дин маселеси көп талаш-тартыштарды жаратып келет. Менин оюмча, “Кудай жок” деп айтканга дитибиз барбайт, акыбыз да жок. Ааламды кармап турган күч, сөзсүз түрдө ээси бар. Бирок, таптакыр эле фанат болуп, аша чаап динге баш-оту менен кирип кеткендерди да колдобойм. Ислам дини Алла Тааланын күчү менен жиберилген болсо керек. Ислам дини негизинен адамдарды бактылуу кылганга арналган дин деп ойлойм. Ошон үчүн аны чени, акылына жараша билимдүүлүк менен кабыл алып, Кудайга жаккан иштерди жасап жашаш керекпиз. 

-- Бизде байлыкка жеткен адам эле депутат болуп, саясатка келет. Сиздин ушул кезге чейин саясатка аралашпай келгениңиздин себеби эмнеде? 

-- Депутат болуу өзгөчө биздин демократтык 30 жылдыгыбызда актуалдуу болуп кетти. Эмне себептен актуалдуу болуп жатат? Себеби бар. Ал коомчулук айтып, эл талкуулап жаткан себеп. Депутат болгондордун көпчүлүгү ишкерлер. Бизнесин жана ишкерчилигин коргош үчүн мандат алганга мажбур болуп атышат. Ишкерлерге тийишкенге, обу жок текшергенге каршы мыйзамдарыбыз бар. Ал айрым учурларда бизнесмендерди, ишкерлерди сактайт. Ошого карабай, кээде ары жак-бери жагыңдан чукуп, көмүскө текшерген учурлар жок эмес. Мындай учурда ишкер эмне кылат? “Ушинтип эле жүрөмбү, андан көрө депутат болоюн, ошондо мага тийишпей калат” дейт. Ошентип, депутат болуп, саясатка кирип кетип жатышпайбы. Албетте, парламент керек. Ага ар тармакты түшүнгөн, акыл-жөндөмү терең, элге-журтка, мамлекетке керек мыйзамдарды жазып, кабыл алган адамдар иштеши абзел. Азыркы парламенттеги айрым ини-карындаштар таарынып калышпасын, бирок, жөн эле кирип-чыгып, бизнесин коргоп депутат болуп отургандары көп. “Эл тараза, эл сынчы”. Эл ичинде мыкты илимпозу, аскер кызматкери, врачы, жөнөкөй адамдардын акылдуусу да бар. Ошонун баары ким кандай экенин көрүп турат. Айтор, депутат болуунун ушундай зарылчылыктары бар. А мага эмне, мен ишкермин. Бизнесим деле өтө коркунучтуу эмес, болгону курулуш. Корко турган эч нерсе жок. Так иштесең, иштей бересиң. Элди алдабасаң, эл деле, текшерүүчү деле түшүнөт да. Депутат болбогон дагы бир себебим, ден соолугума байланыштуу. Эл-жер кыдырып, калктын көйгөйүн уга албай, шайлоочулар талап кылгандай эффективдүү иштей албашым мүмкүн. Ошон үчүн өз тармагымда иштин майын чыгарып иштеп келатам. Анан эми коом ушундай нукта кете берсе, балдарым чоңоюп келатат, мен депутат болбосом, балким алар депутат болуп калышаар.   

-- Азыркы парламентке бааңыз кандай? Мөөнөтүнөн мурда тарашын колдойсузбу? Эмки парламенттик шайлоодон эмне күтөсүз?

-- Эки революцияны баштан өткөргөн калкпыз. Сабак алдыкпы? Айтуу кыйын. Учурда тынчтыкта жашап жатабыз. Ишкерлер тынчтыкты гана сүйөт. Ошон үчүн жеке менин оюма койсо, жарым жыл, бир жыл эч нерсени деле чечпейт. Өз учурунда эле тарап, өз маалында эле шайлоо болгону туура. Кеп башкада, кийинки келчү парламент кандай болот? Азыркыдай эле бизнесин коргой тургандар келеби, же креативдүү, билимге сугарылган, жаркын ой-максаттары бар жаштар, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн ичкен ашын жерге койгон адамдар келеби? Өлкөбүздүн келечеги ошондон көз каранды.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер