Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлина Эшимканова: “Мелис байкем жүрөгү таза адам эле...”

Гүлина Эшимканова: “Мелис байкем жүрөгү таза адам эле...”

06-сентябрь, 20:16
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөнгө кылчайып, Мелис Эшимкановдун карындашы Гүлина менен маектешүүнү туура таптым. Чыгаан замандашыбызды эстөө биз үчүн парз.


-- Гүлина карындашым, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Мелис байкеңди эстейсиңби?   

-- Ар бир шайлоо болгондо жүрөк дүкүлдөйт. Анткени, Мелис байкем карындаштарына “эч качан саясатка кирбегиле, аралашпагыла, себеби, абдан "грязный" деп калчу. Бирок азыр ал кезден бери “грязный” жактан он эсеге өтүп кетти го. Биз баарыбыз таңкалчубуз, раматылык байкемдин жүрөгү курч экенине, эч кимден коркпой, таамай, бетке айтканына. Жогорку Кеңешке аттанып жатып, бир добуш жетпей үрөйүбүз учуп отурсак, ал камырабайт. Анткени, Шарипа Садыбакасова эжебиз добуш сатып алганын баарыбыз билет элек. Бирок байкем “баары бир мен жеңип чыгам!” деп өктөм айткан. Анан райондук соттон утулуп, Жогорку соттон жеңип чыгып, чыга калып элге кайрылганын эмдигиче элестетем. Бою кичинекей да (Лениндей) ташка чыга калып “акыйкат бар!” деп кыйкырып элге кайрылган. Артынан жактоочулар менен биз аралашып чуркап жүрөбүз... 

Ал эми азыр акыйкат түгүл анын “А” деген тамгасы жок болгонуна өкүнөм. Чыркырасаң да, жер тепкилесең да, өлсөң да (өлтүргөндөн кайра тартпайт) азыр баары бир. Айла жок, колумдан эч нерсе келбейт... 

Эх, Мелис байкем... Сөз менен ок аткандай түз мээге жеткирчү. Айтчусун бетке айтып, айтор, өзү да ар бир адамдын тилин тапчу. Кээде үйүнө барып, кире алчу эмеспиз.

-- Эмнеге?

-- Короосуна эл быкпырдай кайнап толуп алган. Ошол кездеги төбөсү көрүнгөндүн баары байкеме бара беришчү. Билбейм эмнеге барышчу, же кеңеш алганыбы, айтор, бизге түн киргенде кезек жетчү. Ошондо “ии карындаштарым, менде ушундай” деп калчу. Ошол кезде кимди көрсөм, азыр деле ар бирин элестетем, иним Эрнис айткандай, түстүү кинодогудай. Сизди да элестетем Сурат байке, сакал-мурут жок, жапжаш кезиңиз... 

-- Көзү өткөндөн кийин ар кыл кептер айтылды окшойт...

-- Адамдын көзү өткөндөн кийин ойду-тоону айтышты. Дарегине жакшы сөздөр көбүрөөк айтылды. Негизгиси, биз билебиз, байкем кандай жүрөгү таза адам экенин... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер