Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

01-октябрь, 23:39
192 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Кыргыздар жана согуш аттары

Кыргыз жана ат – көөнө элдин тарыхынын ажырагыс бөлүгү. Бизде жылкыны туулгандан баштап өмүрүнүн акырына чейин айырмалаган ондон ашык аныктамалары бар. Жылкы – жыргалчылыктын символу катары сыпатталат. Кыргыздар душмандары менен ат үстүндө салгылашышкан. Жылкы – эттин, кымыздын жана отун алуунун булагы да болгон.

Кыргыздар жашоо маңызында бир дагы үй жаныбарын жылкыдай жогору баалаган эмес. П.П.Семенов Тянь-Шанский өз учурунда жылкынын көчмөндөрдүн жашоосундагы маанилүү ролун так байкап, баалаган. «Кыргыздар өмүрүнүн жарымын ат үстүндө өткөргөндүктөн, ага ажырагыс жолдош, дос катары көнүп калышат» деп айткан.

Көчмөндөрдүн айтымында, жылкы – акылдуу, ээсине берилген жаныбар. Адамга берилгендиги жагынан ага итти гана салыштырууга болот. Акылдуу, өтө берилген ат ээси каза болуп калса аза күткөн (бир суткага жакын суу ичпей, чөп жебей, башын ылдый салган абалда турган).

Легендарлуу аргымактардын ысымдары элдин эсинде сакталып, бүгүнкү күндө өлкөнүн көпчүлүк аймагында баатырларга жана алардын ишенимдүү жардамчыларына эстеликтер тургузулган. Сүрөт искусствосунун дээрлик баардык жанрларында жылкы табиятынан сүйүктүү, суроо-талапка ээ тема.


Ат жасалгалары

Байыркы замандан бери аргымактарды кооздоо салты бар. Ат жабдыктары – бул өзүнчө бир көркөмдүк. Ат жабдыктары көбүнчө кыздар үчүн атайын даярдалып, септин бир бөлүгү сыңары тартууланган.

Анын буюмдарынын көбү булгаары менен металлдан жасалган, ээр тери менен капталып, оймо-чиймелер мыктар менен кадалган. Көбүнчө ээрлер түстүү булгаары жана күмүш менен кооздолуп келген. Ат жабдык жаркыраган саймалар менен шөкөттөлүп, укмуштуудай жасалгалар жана тумарлар тагылып, өзгөчө көркөмдүктө оюм-чийимдүү булгаары менен капталып, андан ары тактайчалар, кооздолгон тердик ээлейт эмеспи

Камчы кооз, өзгөчө табит менен жасалары белгилүү. Кармагычы булгаарыдан тигилип, ага бекем токулган өрмө уланат.

Кыргыздарда күлүк аргымактар туурасында кызыктуу кептер бар: ат – адамдын канаты; атыңды жоготсоң – жоокер эмессиң; ат менен сен адамсың, атың жок болсо көлөкөсүң; ээси кандай болсо, аты да ошондой...


Лев Николаевич Толстой кыргыз аттары жөнүндө

Орустун улуу жазуучусу Лев Толстой ат мингенге кызыкчу. Айрыкча кыргыз жылкысын жакшы көрүп, «аларга эч ким тең келе албайт» деп эсептеген, анын агасы менчик жеринде кыргыз жылкыларын таза кандуу араб жана англис породалары менен айкалыштыруу үчүн чакан жылкы заводун уюштурууга аракет кылган. 

Кийинчерээк муну С.Будённый ишке ашырып, кыргыз жана англиялык жылкыларды айкалыштырып, «буденовский» породасын жараткан. Маршал С.Будённый кыргыз аргымактарын согушка жарамдуулугуна баа берип, айрыкча суктанганы белгилүү. Ал Кыргызстанда жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча көп иштерди аткарган.

Баса, “Буденовск” породасындагы аттар көкбөрү үчүн эң мыкты. Учурда алар Алтайдан алынып келинет, себеби ал жакта жылкыларды асылдандыруу иштери жемиштүү жүрүп жатат.


Биздин бүркүт сыймыктануунун, асылдыктын жана эркиндиктин символу

Кыргызстанды тоолорсуз, көк асманда бийик учкан шумкар, ошол эле учурда асыл бүркүтсүз элестетүү мүмкүн эмес. Мен кичинекей кезимден бери тоо койнунда асмандагы бүркүттүн бийик, кооз, кээде тез учканын көпкө караганды жакшы көрөм.

Биз байыркы доордон бери эле бул мифтик, геральдикалык канаттууларга өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылып келебиз. Бул бекеринен эмес, анткени көптөгөн уламыштарга ылайык, бул сырдуу канаттуунун жандүйнөсү, эркиндикке болгон сүйүүсү кыргыздарга да мүнөздүү.

Кыргызстандын гербинде эркиндиктин жана эгемендүүлүктүн символу болгон Манастын Ак Шумкарынын элеси түшүрүлгөн.

Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында бүркүт тайманбас жоокерлердин, аскер башчыларынын символу болуп эсептелет. Мисалы, “Манас” эпосунда баатырдын төрөлүшүн, атасы Жакыптын түшүнө бүркүт кирип, аян берилгени чагылдырылат.

Бүркүттөр Манасты согуш жортуулдарында дайыма коштоп, душмандарды жеңүүгө жардам беришкен.

Бүркүтчү

Кыргыздардын ишеними боюнча кээ бир өзгөчө таланттуулар бүркүттөрдүн тилин билип, алар менен ээн-эркин сүйлөшүп, байланыш түзө алышкан. Негизинен ата-бабаларыбыз жаныбарларды, айрыкча канаттууларды адам менен бир катарга коюшкан.

Бул текебер бүркүттөр көбүнчө мергенчилердин эркине баш ийишип, алардын жардамчылары жана ишенимдүү досторуна айланышкан. Аңчы үчүн бүркүт куштан артык, бир туугандан жакын, өз жанынан кымбат. Адамдар куштун жаны өлгөндөн кийин анын ээсинин жанынын ажырагыс бөлүгү болуп каларына ишенип келишкен.

Чыныгы бүркүтчү шумкарын көзүнүн карегиндей сактап, коргойт. Аңчылык өнөр менен канаттууну үйрөтүүнүн сырлары жашыруун сакталат. Алар муундан муунгаатадан балага, баладан небереге өтүп келет. Аксакалдар бир бүркүт бүтүндөй айылды баккан учурлар болгон деп айтып келишет эмеспи.

Бүркүтү бар мергенчилер – бүркүтчүлөр эзелтеден кадырлуу эле. Аларды сыйкырлоо жолдору менен адамдарга жардам берүүгө да тартышкан. Мисалы, төрөбөй жүргөн аял бүркүтчү менен төшөгүн бөлүшсө, анын көз жарышы ишенимге кирип калган...

Тайган

Бизде тайган үй-бүлөнүн сыймыгы жана чыныгы досу катары эсептелет. Ал Кыргызстандын тоолорунун өзгөчө шарттарында калыптанган өтө шамдагай иттердин байыркы породасы. Тайган эч кимге көз каранды эмес, ак көңүл, бирок эркиндикти сүйгөн, чыдамкай, көп убакытка чейин суусуз, тамаксыз жүрө алат, ысык-суукка бирдей чыдайт. Тажрыйбалуу, күчтүү тайган карышкырга жалгыз аңчылык кылат. Өтө шамдагай болгондуктан, катуу чуркап баратканда чукул бурчтардан дагы ойт берип, алдыдагы олжосун жаңылбай кууганды уланта берет. Өзгөчө секирик жасай алат. Тайгандар аркар менен тоо текелерге аңчылык кылганда кээде ойго келбеген, дээрлик типтик эңкейиштерден чуркап, алтургай орто жана майда мореналарды (мөңгүнүн тили) бойлоп кууп, акыры жетип, кармап турат же муунтуп өлтүрүшөт. 


Тайгандын келип чыгышы тууралуу уламыш

Эпосто Манас аңчылыктан кайтып келе жатып, Куш-Булак ашуусунан Кумайыкты таап алат, ал кийин ишенимдүү ит-досуна айланган. Тайган мифтик жырткыч куштан жаралган, анын башы бүркүттүн башына окшош, денеси арстандыкындай, бирок арыкчырай сүрөттөлөт. Ал баласын көбүнчө ээн ашууга же жолго таштап кетет. Эгерде төрөлгөндөн кийин үч күндүн ичинде аны адам таап алса, күчүк бара-бара Кумайыкка айланат да, ууга чыкканда ээсине аркардан баштап, илбирске чейин каалаган жаныбарды алып берет.


(Уландысы кийинки санда)  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер