Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Кодуранова: “Соттон башым чыкпай, шайлоого убакыт бөлө албай атам”

Асел Кодуранова: “Соттон башым чыкпай, шайлоого убакыт бөлө албай атам”

18-сентябрь, 11:07
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Асел айым, көрүнбөйсүз, кайдасыз?

-- Көрүнгөндө эмне, Кой-Таш окуясы боюнча жумасына үч жолу сотко барып атам. Окуяга катышкан спецназдар жана күбөлөр сурак беришүүдө. Тергөө учурунда башкача болчу, азыр так болбой атат. Күбөлөр, спецназдар адашып, көп нерсени унутуп калышканын айтышууда. Эң кызыгы, айрымдар “колума таш тийди” дешип, жабырлануучу болуп алышыптыр. Спецназ деген элиталык подразделения да.

-- Соттун жүрүшү адилеттүү болуп атабы?

-- Бир караганда болушунча аракет кылып, адилеттүүлүк жана мыйзамдуу жагына басым көрсөтүп атышат. Бирок, жогору жакты кылчактап аткандай сезилет. Бул менин жеке оюм. 

-- Шайлоо боюнча айта кетсең?

-- Биз “Социал-демократтар” партиясы шайлоого катышып атабыз. КСДПны рейдерлик менен басып алышпады беле? Ошого карабастан Алмазбек Шаршеновичтин балдары жаңы партия ачышкан. Тизмесинде бармын.

-- “Партиянын каражаты тартыш” деген сөз коомчулукка тарап кетти...

-- Каражат жагын айта албайм. Убакыт өтө тартыш болуп, сотто эле чуркап, ошол жактан башым чыкпай атат. Бирок, күрөө төлөндү. Партияда миллиондорду чапчыган олигархтар жок, ал жагы ушундай. Кыскасы, партиянын кадыр-баркы эл арасында жогору, күн санап көтөрүлүүдө. Авторитети жакшы эле өсүп баратат... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер