Пандемия мезгилиндеги шайлоо – альянстардын маалы
Азыр интернет аркылуу электрондук байланыштын доорунда этектей-этектей чоң материалды эч ким окубай калды. Ошондуктан, мен айтайын деген оюмду кыска тезис формасында берүүгө аракет кылайын.
Киришүү
Жакында массалык маалымат каражаттарында менин “Коронавирус ‒ мүмкүнчүлүктөрдүн маалы” деген материалым жарык көргөн эле. Анда “дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери башынан өткөрүп жаткан эпидемия (же гректин сөзү менен пандемия ‒ бир канча өлкөнү каптаган эпидемия) мурдатан бизде калыптанып калган, бизге эч өзгөрүлгүс деп ишенген маселелер, мамилелер жана ишенимдер, биз кынтыксыз деп эсептеп келген көптөгөн баалуулуктар эми башкача каралып, башкача өлчөнө турган болуп калды. Ошондон улам биз пир тутуп келген демократиянын “борборлорунан” эми көпчүлүктүн көңүлү калып, адамзат жаңы геосаясый кырдаалга, дүйнөгө жана жашоого башкачараак карай турган мезгили келди” деп жаздым эле. Андан аркы негизги маселе, эгерде биз кырдаалга карата прагматикалык, социалдык жана экономикалык саясат жүргүзсөк, ушул апааттан да өзүбүзгө пайда келтирип чыгып кетсек болот деген ой бар эле.
Мына, андан бери да дүйнөдө жана Кыргызстанда саясый кырдаал тездик менен өзгөрүп жатат. Ал ортодо биздеги чоң саясый иш-чара – Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленип, 40тын тегерегиндеги партиялар бул саясый өнөктүккө катышууга белсенип жатышат. Биздин эстутумубузда болсо керек, башка себептерди айтпаганда да, дал ушул сыяктуу шайлоонун шайтан оюндарынан кийин нааразы болгон эл Акаев менен Бакиевди өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышкан. Ушуну жакшы түшүнгөн учурдагы президенттин “мен ачык, таза шайлоо өткөрөм” деп жатканы мактоого арзыйт деп ойлойм.
Президенттин бул маселедеги милдети
Кыргызстандын азыркы аракеттеги Конституциясы боюнча экономикалык маселе – өкмөттүн маселеси. Бирок, ага болбой эле президенттин бул багыттагы иш-аракеттерин коомчулук канааттануу менен кабыл алып жатпайбы. Демек, коомдук пикирде жазылган жана жазылбаган мыйзамдар бар эмеспи. Ошондуктан президент болочоктогу шайлоодо сапаттуу, абройлуу парламент келсин үчүн коомчулукту таңкалтырган бир канча күтүлбөгөн иш-чараларды жасап жиберсе болот эле. Айталы, кадр кызматынын базасында болочок депутаттардын билими менен профессионалдык деңгээлин сыноодон өткөргөн улуттук маанидеги комиссия түзсө. Экинчиден, олигархтарды, коомдук пикирдеги миллиардерлерди чакырып, “саясатка аралашпай, өз ишиңерди мыйзым чегинде иштегиле, жумушчу орундарды түзгүлө” десе (айрым мамлекеттерде ушундай жасашкан). Бирок, мунун мезгили өтүп кетти. Ошонтсе да президентте дагы бир мүмкүнчүлүк бар го деп ойлойм. Айталы, Акаевден бери келаткан “бергенин ала бер” дегенди кан буугандай токтото албаса да, укук коргоо органдарына “мыйзам бузулбасын, бузгандарга катуу чара көргүлө” деп эскертүүсү зарыл. Экинчиден, эл эч нерсеге ишенбей калган азыркы учурда президент “мен бир да партияга же топко жан тартпайм” деп официалдуу түрдө кайрылып койсо, эл ичиндеги күбүр-шыбырлар жоголмок. Атамбаевге карата чечим коомчулукта жылуу пикир жаратты, эмки чоң сыноо – шайлоонун таза өтүшү дегеле бийликке, эң башкысы президентибизге элдин алкоосун жаратат деген ишеним бар. Президент өзү да “менде саясый эрк да, мүмкүнчүлүк да бар” деп келет дайыма. Шайлоо мыйзам бузулбай өтсө, анын жыйынтыгында “жети баштуу желмогуздар” депутат болуп келсе да, таза шайлоо өткөргөнү үчүн президентке алкыш айтышат, эриш-аркак иштешет, өлкөдө стабилдүүлүк болот. Тескерисинче, шайлоонун шайтан оюндары мурдагыдай эле уланса, болочокту болжош кыйын.
Прогрессчил күчтөрдүн биригиши
Тарыхта атам замандан бери эле саясый күчтөр кырдаалга жараша биригип, же ажырашып келген. Мындайды саясатчылар французча “альянс, антанта” деген, англисче “тандем”, латынча “коалиция”, орустардын “союз” деген сөздөрүн кырдаалга карата колдонуп келишкен. Биздин саясый айдың да мындан кур эмес. Өзгөчө чоң саясый өнөктүктүн алдында мындай процесстердин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Демек, азыркы кырдаалда сөз биздин республиканын ичиндеги өзүнчө, өзгөчө көз караштары бар саясый күчтөрдүн альянсы эле эмес, керек болсо, ар түрдүү системадагы мамлекеттердин альянсы да күтүлүүдө. Анткени биз пир туткан Европа менен Американын өзүндө бул пандемияга каршы күрөштө алардын башкаруу системасы эффективдүү эмес экенин көрсөттү. Ал эле эмес күнүнө беш убак намаз окуп, негизги массасы “тил алчаак” араб мамлекеттери да пандемияга каршы күрөшө албады. Бул апаатка каршы күрөштө дүйнөдө менталитетинен эле мыйзамды жаза баспаган, анын жоболорун так аткарган япондор менен корейлер жана тартиби темирдей катуу кытайлар гана ийгиликтүү күрөшүп жатышат. Мына фактылар көрсөтүп тургандай, бул глобалдык кризис дүйнөдө калыптанып калган мамлекетти башкаруу стандарттарын да түп-тамырынан өзгөрүүсүнө алып келүүдө.
Мына ушундай кырдаалда ‒ дүйнөдө пандемия күч алып, анын таасири экономикага жана саясатка да тийип, аларды да өзгөрүүлөргө алып келген учурга, биздин парламенттик шайлоо деген чоң саясый иш-чарага дал келип турат. Кыргызстандагы шайлоо ичтенби же сырттанбы кандайдыр бир таасир болобу-жокпу, адатта өтө кызуу жана опурталдуу өтөт. Кээде бийликтин шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, административдик ресурстарды пайдаланып, одоно кыймылынан улам, бунт, көтөрүлүш чыгып, президентти кууп жиберген учур да болгонун жогоруда белгилеп өттүк.
Шайлоо бизде Акаевдин мезгилинде кандай болсо, ал улам-улам бурмаланып отуруп, азыркы коммерциялашкан формасын алды. Азыркы кырк жаштын айланасындагылар шайлоодо утушту акчадан башка менен элестете албайт. Анүстүнө депутат болуш үчүн мечит салдыруу (арабдардан келген ар кандай фонддордун жардамы менен), жолду оңдоо, көпүрө салуу, мектепти ремонттоо, трансформатор койдуруу ж.б.у.с. жумуштарды кынтыксыз ким көп жасаса, ошол утат. Депутаттын милдети ушул экен деп түшүнүшөт. Ал эми Кыргызстан үчүн дүйнөлүк стандарттагы билим, стратегиялык маанидеги ГЭСтерди, жолдорду өзүбүздөгү өндүрүлгөн (жашылча-жемиш, эт, сүт ж.б.) продукцияны кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, иш орундарын түзүүгө окшогон маселелерди чече турган, ойлоно турган маал келди. Анткени, келечекте дагы күчү азыркы пандемиядан да коркунучтуу апаат каптаса, биз өзүбүздү сырттан жардам күтпөй эле багып кете турган амбициялуу максат коюшубуз керек.
Ошондуктан биздин алдыбызда турган шайлоо – бул акыл-эстин, прагматикалык саясаттын, конкреттүү пландын, ишке ашырууга мүмкүн болгон стратегиялык программалардын мелдеши болот деген ишеним бар. Анткени президент Сооронбай Жээнбековдун азыр тутунган саясаты ушинтип ойлогонго мүмкүнчүлүк берип, кандайдыр бир ишенимдин отун жаккансыйт. Мына ушул жагдайдан караганда, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын туусунун астына, ошондой эле “Бүтүн Кыргызстан” ж.б. бир топ прогрессчил саясый күчтөрдүн биригип жатышын коомчулук жакшы кабыл алууда. Бул саясый альянстардын алгачкы же акыркылары эмес.
Ушул шайлоодо бир инсандын аброю менен өмүр сүргөн партиялар да өз жашоосун токтотот го деп ойлойбуз. Мындай процесс учурда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидерлигине креативдүү, жаш Жанар Акаевдин келиши менен башталды десек болот. Бул партиянын негиздөөчүсү, талашсыз лидери Өмүрбек Текебаевдин бэкграунду – Кыргызстандын соңку жаңы саясый тарыхында бир муун саясатчыларды даярдап чыгарды, алардын баары тең сөзсүз ушул эле партиянын катарында болушу шарт эмес. Алар Текебаевдин сөздөрү, иш-аракеттери менен калыптанышты. Официалдуу иш-чараларда, же демейдеги баарлашууларда карманган саясый багытына карабай көп саясатчылар арасында Текебаевди өрнөк тутканын, атүгүл аны окутуучум, устатым дегендер да кездешет.
Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев улуттук деңгээлдеги саясатчы болуп калды. Ал партиялык тизмеде астындабы же артындабы, же жокпу – ал анча мааниге ээ эмес. Анткени, анын саясый аброю андан чоңоюп же кичирейип калбайт. Анын саясый процесстерге берген баасы коомчулукту кызыктырат. Эгерде ал парламентте болсо, анда каралып жаткан маселеге официалдуу түрдө тез реакция жасаганга шарт болот эле.
Иши кылып, бул пандемия биздин саясый айдыңыбызга да жагымдуу таасирин тийгизет ‒ б.а. карлик, регионалдык партиялар ирилешип, жалпы мамлекеттик кызыкчылыктан чыккан ири саясый күчтөр пайда болот. Улам депутат боло берип анын кыныгын алып калган квазимолдолор, квазипатриоттор буюрса аздап, креативдүү, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон аламдардын чоң тобу келет деген үмүт бар.
Корутунду
Президент Сооронбай Жээнбеков элдин көңүлүнө көк таштай тийген Алмазбек Атамбаевди жата турган жерине жаткырып, элдин колдоосун алды эле, эми ушул шайлоону таза өткөрсө тарыхта калат. Буга президент өзү айтмакчы, анда “саясый эрк да, мүмкүнчүлүк да бар”.
Быйыл Исхак Раззаковдун 110 жылдык юбилейи да октябрь айында өтөт, ага карата “Улуттун улуу инсаны” деген китебимди жазып бүтүрдүм. Ошондо өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын экинчи жарымында Кыргызстан Россия менен Украинадан кийин үчүнчү болуп дотациядан чыгып, ошондон түшкөн каражатка окуучуларга ысык тамак уюштурулган, завод-фабрикалардын жергиликтүү сырье менен иштешине басым жасалган, ондогон ГЭСтер курула баштаган. Мына андан бери жетимиш жылдай мезгил өтсө да, ал киши баштаган иштер күнү бүгүнкүдөй актуалдуугун жогото элек. Эми президент С.Жээнбековдун алдына койгон максаттары ишке ашып, жаңы формациядагы адамдардын чоң тобу бийликке келип, бейиштей болгон өлкөбүздү экономикалык да, интеллектуалдык жактан да көтөрүп кетет деген изги ой-тилектер бар. Ошондо Икрамжан Сатарович тандаган депутаттардын, үлкөн чиновниктердин ордуна улут үчүн күйүп-жанган, колу-жолу таза адамдар келет, Кыргызстан өсүп-өнүгүүгө багыт алат. Эгерде окуялар биз күткөндөй болбосо, анда андан аркысын азыр болжош кыйын. Ошондуктан азыр прогрессчил күчтөрдүн – альянстардын мезгили келди. Муну туура кабыл алыш керек.
Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР ЖК эки палаталуу биринчи чакырылышынын депутаты, КР Журналисттер союзунун мүчөсү
"Азия Ньюс" гезити