Акыркы кабарлар
» Коом » Мурда ооруп айыккандар кайрадан вирус жугузуп алууда
Мурда ооруп айыккандар кайрадан вирус жугузуп алууда
19-апрель, 11:52
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн карантин киргизүү тууралуу ниети жок. Вирустун алдын алуу үчүн эмдөө иштери уланууда.
“Кызыл зонада оор абалда жаткан бейтаптар менен жолукканда алар «былтыр ооруганбыз, эми оорубайбыз деп ойлогонбуз» дешти. Быйыл катуу ооруп атышат. Каза болгондор да күндөн-күнгө өсүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Аны экономика көтөрө албайт. Азыр эмдөө жүрүп жатат” деди министр.
Белгилей кетсек, пандемия башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда коронавирус 91 миңден ашуун адамга жукту. 1559 киши каза болду.