Апамдын сөзүн укпай, “от менен ойноп”, оору жугуздум
Терезени тиктеп отурам. Ооба, ал жакта менин жаркын жашоом менен басып өткөн жолдорум жатат. Катачылык кылдым. Жаңылдым. Жаза басып, далай жаман иштерге бардым. Жашоомдун баары капкара булут менен курчалган болсо да, апама деген аруу сезимим, ага болгон балалык мээримим дагы деле турат. “Апа!” деп болгон күчүм менен бакырып, кечирим сурагым келет. Бирок сиз кечирген күндө да мен өзүмдү кечире албайм.
Мен көпкөндөн улам жаман иштерге кадам таштадым. Жашоомдо элден башкача жашагым келди. Күндө көңүл ачууга азгырылдым. Жалданып Россияга чейин бардым. Сиздин ыйлап жазган СМСтериңиз мага ошол учурда тыйынга да татыган эмес. Азыр зармын. “От менен ойнойм...” деп оору жугуздум. Эми айыкпайм. Эми жооп беришим керек. Акыретте да суралам. Апа, мен сиздей болуп эне статусуна ээ боло алган жокмун.
Диля
"Азия Ньюс" гезити