Марлен Маматалиев: “Биз центристтик позицияны карманып, бийликтин камчысын чаппайбыз”
-- Марлен мырза, ушу күндөрү “Ынтымак” саясый партиясынын эки жылдыгы белгиленип атат. Кыска убакыттын ичинде бир канча жергиликтүү кеңеште жана ЖКда депутаттар шайланышты. Шайлоочуларга берген убадаңардын канчасы аткарылды, дагы канчасы алдыда турат?
-- Сиз айткандай, партиябызга болгону эки жыл толду. Кыска убакыттын ичинде 14 шаардан жергиликтүү кеңештен утуп келип, мындан сырткары, бир жыл мурун Жогорку Кеңештен да орун алдык. Биз айылдык кеңештерде элдин алдына берген убадаларыбызды, программаларыбызды четинен аткарып келатабыз. Алыска кетпейли, ордо калаабыз Бишкекте “заманбап аялдамаларды куралы” дегенбиз. Мына, “Азия Молл” соода борборунун алдында курулуп атат. “Электробустар келсин” дегенбиз. Бүгүнкү күндө алардын алды келе баштады. “Коммуналдык тейлөө боюнча тарифтер көтөрүлбөсүн” деп каршы чыкканбыз. Кыскасы, шаардык кеңештин программалары аткарылды.
Ал эми Жогорку Кеңеште амбициялуу пландарды алдыга койгонбуз. Бүгүнкү күндө 11 мыйзам жаздык. Алдыда дагы көп мыйзамдар бар. 18 жашка чыккан жаш муундарга 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин бериле турган болду. Ал анын окуусуна же ипотека менен үй ала турган механизмдердин бирине жарамакчы. “Экономика багытында канчалаган алтындар уурдалып кетип атат? Ушулар бизде калсын” деген дагы бир мыйзамыбыз ишке ашты. Педофилдерге каршы күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алып бердик.
“Эгер биз шайланып барсак, эл үчүн иштейбиз жана иштей бермекчибиз” деп убада бергенбиз. Бүгүн ошол мыйзамдардын алкагында биринчи кезекте экономикалык өсүштү апкеле турган чоң булактарды таап бердик. Экинчиден, коомчулукта болуп аткан зордук-зомбулукка каршы турган мыйзамдарды иш жүзүнө ашыруудабыз. Үчүнчүсү, азык-түлүк маселесине катуу киришип, кымбаттатып аткандарды жазалоо боюнча мыйзамды кабыл алуудабыз. Төртүнчүсү, Кудай берген байлыктарыбыз бар экен. Анын ичинде туристтерди тосо турган бейиштей жерибиз, кендерибиз жана суубуз боюнча мыйзамдарды кабыл алып иштеп атабыз.
-- Партияга жогору жактан кысым барбы?
-- Биз башында эле “центристтик позицияны карманабыз, тиги же бу жээктин, мындайча айтканда, бийликтин камчысын чаппайбыз. Элдин, жердин бүтүндүгү, өнүгүп өсүшүнө, мамлекеттин кызыкчылыгын арттырган мыйзамдар болсо колдойбуз, карама-каршы келгендерди колдобойбуз!” деп айтканбыз, ошол принциптерибизди карманып, элдин кызыкчылыгын көздөп атабыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити