Түштүк Африкада аялдарга бир эле учурда бир нече күйөөгө чыгууга уруксат берилгени жатат
Түштүк Африкада нике институтун реформалоо даярдалып жатат. Бул мыйзам аялга бир эле учурда бир нече күйөөгө тийүү (полиандрия) укугун берет. Тийешелүү мыйзам долбоору республиканын өкмөтү тарабынан жарыяланган.
Маалыматка ылайык, учурдагы мыйзамдардын негизинде Түштүк Африка Республикасынын эркектери бир нече аял ала алышат, ал эми аялдар мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылган. Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалган азыркы мыйзам долбоору аялдар менен эркектердин ортосундагы социалдык теңчиликти орнотуу менен ушул адилетсиздикти жоюуга багытталган.
Документке берилген департаменттин түшүндүрмөсүндө полиандрияны мыйзамдаштыруу чечими гендердик теңчилик маселесин терең жана кылдат изилдөөнүн натыйжасы болгон деп белгиленет.
“Өлкөдө көп аялдуулуктун болушу аялдарга ушундай укук берип, анын мыйзамдуу жол менен бир нече күйөөсү болушун талап кылат” деген бийлик өкүлү. Эми нике жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлуп, июнь айынын аягына чейин уланат.
“Супер кж”