Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыздын 53 акынынын чыгармалары түрк тилине которулду

Кыргыздын 53 акынынын чыгармалары түрк тилине которулду

06-июль, 19:14
485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын 53 акынынын ырлары түрк тилине которулду. Бул туурасында "ТҮРКСОЙ" уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, кыргыз акындарынын чыгармалары түрк тилине которулуп, үч китеп жарык көрдү.

"Жарык көргөн "Кыргыз поэзия антология" китебинде Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулу, ошондой эле эң жаш акын Максат Жангазиев, Афина Бакирова, Мелис Маматжановдун ырлары бар.

Мындан тышкары, Айтматовдун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө "Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү", таланттуу акын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган "Жолон Мамытов" аттуу китептер да түрк тилине которулду" деп жазган ал.

Султан Раев белгилегендей, китептердин бетачары Түркияда, ошондой эле Кыргызстанда да өтөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер