Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украина: согуш башталгандан бери 38 бала каза тапты

Украина: согуш башталгандан бери 38 бала каза тапты

07-март, 12:19
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия Украинага басып киргенден бери аткылоо, бомбалоолордун айынан 34 оорукана керектен чыкты. Бул тууралуу Украинанын саламаттык сактоо министри Виктор Ляшко билдирди. Анын айтымында, кээ бир ооруканалар талкаланып калды, башкаларынын инженердик системалары иштен чыкты, суу, электрэнергиясы жок.

Министр Женева конвенциясы бузулуп жатканын, себеби, медициналык кызматкерлер согуштук аракеттерге кириптер болбоого тийиш экенин белгиледи. Ляшко Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруканаларды бутага алуу учурлары тууралуу маалыматтарды өз сайтына жайгаштырганын, кийин ал эл аралык сотко тапшырыларын кошумчалады.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы 24-февралда таңкы саат 4төн баштап 3-мартка чейин украин жергесинде 1006 карапайым кишинин өлүмү же жараланганы катталганын билдирди. Бирок Улуттар уюму реалдуу сан мындан көбүрөөк болушу мүмкүн деп эсептейт.

Украинанын омбудсмени Людмила Денисованын маалыматына ылайык, Россия кол салгандан бери 38 наристе каза тапты, 71и жабыркады. Айрымдарына өз маалында жардам берилбей калган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер